22-январь күнү Орусиянын Челябинск-Троицк трассасынын 117 чакырымында жол кырсыгы болуп, анда 5 адам каза болгон. Бул кырсык боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 24-январь күнү билдирди.

Оштун Алай районуна көчүп келип, Харыбек Алимсеитов мектебинде сабатсыздыгын жоюп жаткан памирлик кыргыздар үчүн окуу китептери тапшырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн, 24-январда саат 13:09да Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Республиканын Сейсмология институту маалымдады. Ага ылайык Тажикстан Республикасынын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Кыргызгидромет 25-январга карата Кыргызстандын аймагындагы аба ырайынын болжолун билдирди. Түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк райондорунда, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Өткөн декабрь айына салыштырмалуу январда көмүрдүн баасы тоннасына 62,54 сом, же 1,4% арзандаганы байкалды. Бул тууралуу Улуттук стотистика комитети бүгүн, 24-январь күнү билдирди.

Коопсуздук кеңеши өкмөткө Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Жолдошбек Жунушевди кызматынан бошотууну сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков, Бишкек шаардык унааларды каттоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насырбек Алмаматовдун иши боюнча сот органдарына жана башкы прокуратурага сын айтты.

2019-жылы орус жарандыгын 498 миң киши алган – бул 2018-жылга салыштырмалуу 84%га көптүк кылат, анда 269 миң киши жарандык алган эле.

КСДПнын лидери Сагынбек Абдырахманов менен кенен маек курдук. Анда партиясынын тагдыры, парламенттеги КСДП фракциясындагы депутаттарынын кыймыл-аракети, кадамы жана саясат, парламент, алтын кени, мурунку, азыркы президент тууралуу баарлаштык, ал баарын ачык эле айтып, аттарын атап берди. Анын ар бирин өз-өзүнчө берип жатабыз.

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери ЕАЭБдин бажы аймагына мыйзамсыз алынып келинген «Лексус GS-250» үлгүсүндөгү автоунааны аныкташты. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

 

Видеотасма

Ак-Суу районунун Шахта-Жыргалаң айыл аймагында биринчи жолу фрирайдерлердин эл аралык мелдеши өттү. Бул тууралуу аталган айыл аймактын башчысы Талгат Мукалаев билдирди.

Президент 24-январда өтүп жаткан Коопсуздук кеңешинин жыйынында Мамкаттоонун качып кеткен кызматкери Алмаматов боюнча Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов менен Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага кайрылып: “Силерге кооррупционерди кармап беришкен, а силер аны кое берип олтурсыңар”, – деди.

Эки тараптык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги менен Түркиянын Жаштар иштери жана спорт боюнча министрлигинин ортосундагы IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү маселеси боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

КСДПнын лидери Сагынбек Абдырахманов менен кенен маек курдук. Анда партиясынын тагдыры, парламенттеги КСДП фракциясындагы депутаттарынын кыймыл-аракети, кадамы жана саясат, парламент, алтын кени, мурунку, азыркы президент тууралуу баарлаштык, ал баарын ачык эле айтып, аттарын атап берди.

«Коррупцияга каршы күрөштө бир катар жакшы жыйынтыктарына жеттик, бирок, иш дагы эле жетишсиз», деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Катар мамлекетине кызматтык иш-сапары менен жүрүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Улуу Британия ханышасы Елизавета II Борис Жонсондун өкмөтү тарабынан даярдалган Британиянын Евробиримдигинен чыгуу мыйзамына кол койду.

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин курамы:

Быйыл Ош шаарынын бюджети өткөн жылга салыштырмалуу 194 млн 979 миң сомго көп. Бул тууралуу кечээ, 23-январь күнү Ош шаарынын бюджеттик угуусунда айтылды.

23-январь күнү саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен Кытай Эл Республикасынын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Ду Дэвэнь жолугушуп, дүйнөнү дүрбөлөңгө салган короновирус тууралуу сүйлөштү.

Подкатегории