Кытайда коронавирус жуктургандардын саны 77 миң 150 адамга жетип, алардын ичинен 2592 адам каза болду.

Музоо баары бир көпкө жашай алмак эмес, ошондуктан союп салууга туура келген

Жергиликтүү укук коргоочулар кабарлагандай, кармалгандардын көпчүлүгү коё берилген, айрымдары административдик жазага тартылды.

«Зомбулукту азайтуу» макулдашуусу ийгиликтүү болсо, Кошмо Штаттар менен «Талибан» кыймылынын ортосундагы тынчтык келишимине кол коюлат.

Бул тууралуу өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев «Азаттыктагы» маегинде билдирди:

АКШнын мамлекеттик катчысы Майкл Помпео телефон аркылуу жаңыдан бекитилген Ирактын премьер министри Мухаммед Тауфик Алауиге америкалык дипломаттарды, аскер кызматкерлерин жана АКШга тиешелүү объектилерди коргоодогу республиканын милдетин эске салды.

24-февралдагы расмий маалыматтар боюнча, Түштүк Кореяда коронавирустан акыркы суткада дагы үч киши көз жумду, кечээ төрт киши оорудан набыт болгону кабарланып жаткан.

Учурдагы Тоголез Республикасынын башчысы Фор Гнассингбе президенттик шайлоодо шайлоочулардын 72 пайыз добушуна ээ болуп, кайрадан өлкө президенти болуп шайланды.

Кыргызстандык эркин күрөшчү Улукбек Жолдошбеков Индиянын Нью-Дели шаарында 23-февралда жыйынтыкталган күрөш боюнча чоңдор арасында Азия чемпионатында алтын медал тагынды.

2010-жылдагы июнь окуяларына байланыштуу айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров адам укуктары боюнча эл аралык уюмдарга жана Кыргызстандын күч органдарына ачык кайрылуу жиберди.

 

Видеотасма

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү оюну тай казансыз өтөт.

Иран бийлиги коронавирустан дагы эки адам набыт болгонун маалымдаган соң, коңшулаш Армения чек арасын катуу көзөмөлдөөгө өттү.

Венециянын бийлиги карнавалдын акыркы эки күнүн дүйшөмбүгө караган түндө токтотту.

Кыргызстан менен Моңголиянын ортосунда адам уурдоо, барымтага алуу, учактарга куралдуу кол салуу, экологиялык терроризм, химиялык куралдарды колдонуу сыяктуу кылмыштарга бөгөт коюу үчүн биргелешкен иштерди жүргүзүү планы бар.

Башкы прокуратура жергиликтүү кеңештерге болуучу шайлоого карата Ош шаарында жапырт каттоо боюнча мыйзам бузууларды аныктап, сотко чейинки өндүрүшкө алды.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаттары 21-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган Атамбаевге жолугуп чыгышты.

Анын башындагы шишикти алып жатканда кыймылдын милдеттерин аткарган органдары иштеп жатканын аныктоо үчүн скрипкада ойногон.

Россия Федерациясынын коргоо министри Сергей Шойгу «Достук» ордени менен сыйланды.

Кыргыз өкмөтү Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты жеке инвесторлорго өткөрүп берүүнү көздөп жатат.

АКШда сот бейшембиде Дональд Трамптын мурдагы кеңешчиси Рожер Стоунду үч жыл төрт айга эркинен ажыратты.

Подкатегории