Түштүк Кореянын дүйнө биринчилигинен эртелеп чыгып калгандыгына байланыштуу, курама команданын баш машыктыруучусу Хон Мён Бонго карата расмий иликтөөлөр башталды. Ал эми күйөрмандар жада калса аны "өлтүрүп, сөөгүн асып коюу" сунушун айтып чыгышты. 

Фанаты требуют навсегда отстранить экс-тренера Южной Кореи от работы в  стране

Футболчуларды мекенине кайтып барганда, аэропортто ачууланган күйөрмандардын тобу тосуп алды.

Курама команда кайтып келгенде нааразычылыкка чыккандар менен жолугушуудан качуу үчүн атайын эрте келе турган рейсти тандаган. Бирок андан майнап чыккан жок.

Таңкы саат 4 болгонуна карабай эл баары бир чогулуп, команданы ышкырып тосуп алышты жана: «Хон Мён Бо кызматтан кетсин!» — деп кыйкырып жатышты. Машыктыруучу буга чейин эле отставкага кетүүгө арыз берген, бирок фанаттар аны өлкөдөгү футбол иштеринен биротоло четтетүүнү талап кылышууда.

Ал тургай кээ бир ресторандар менен дүкөндөр «Хон Мён Бонун кирүүсүнө тыюу салынат» деген жазууларды илип алышкан.

Бирок эң коркунучтуусу — машыктыруучунун дарегине өлүм менен коркутуулар түшкөн. Колдонуучулардын бири атүгүл аны түз эле аэропорттон жазалай турганын убада кылган. Бактыга жараша, мындай