Ф.Кулов: "Батукаев менен менин мамилем бар дешүүдө. Менин аялымды Батукаевдин карындашы деп ушак чыгарышты" 

 

 

– Феликс Шаршенбаевич, мыйзамдагы ууру А. Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетиши боюнча козголгон кылмыш иш кайрадан жанданып, бир канча чиновник камакка алынды. Бул иште саясий өңүт барбы же мыйзамдын чегинде каралып жатабы?

 

– Чындыгында бул иште саясий өңүт бар деп көпчүлүк айтып жатат. Бирок, Суталиновдун ишин карап көрсөңүз, анда төртүнчү стадиядагы рак оорусу менен ооруганына карабай, сот жылдап бошоткон жок. Батукаевдин ишинде болсо бир күндө самолёт келди, сот болду, учуп чыгып кетти. Баары Батукаевди сот бошотуп, Бишкектен келгендер эскорд кылып аэропортко чейин алып барарын, ал жерде кызыл килемден сыйлуу конок катары өтүп учуп кетерин билишкен. Бул иш мурунку президенттин учурунда болгондуктан, жаңы президентке “Эмне үчүн ушул ишти ача албайсың?” деген талаптар айтылып баштаган. Президент үчүн мындай нааразычылыктардын кереги жок. Кимдин күнөөсү болсо ачык айтылганы бийлик үчүн дагы жакшы. Бирок, бул иште эки жагдай тең бар. Саясий боёк сүртсө да болот, негизгиси мыйзамдын чегинде каралып жаткан иш.

 

– Азиздин өлкөдөн чыгышы көп жылдардан бери пландалып келген иш деп айтылды. Сиз дагы премьер-министр болгонсуз. Бийликте турганыңызда ушул иш боюнча маселени уккансызбы?

 

– Андай маселе болгон эмес. Жеке өзүм андай иш тууралуу уккан эмесмин.

 

– 2010-жылы “Ар-намыс” партиясын эч ким парламентке келет деп ойлогон эмес болчу. Сиздер үчүнчү орунду алып, Жогорку Кеңешке келдиңиздер. Жеке өзүңүз шайлоо алдында орус бийлигинин жетекчилери менен жолугушуу өткөргөнсүз. Ошол сүйлөшүүлөрдө Батукаевди бошотуу шарты коюлуп, Кулов Азиздин акчасы менен шайлоого катышкан деген сөздөр айтылып жүрөт. Буга эмне деп жооп айтасыз?

 

– Бул болбогон сөздөр. Жолдо баратсаң кирпич башыңа түшүп кетип кулап калсаң, сен күнөөлүүсүң дегендей эле кеп. Азыр ар кандай версияларды айтып жатышат. Батукаев менен менин мамилем бар дешүүдө. Менин аялымды Батукаевдин карындашы деп ушак чыгарышты. Биринчи аялым татар. Атасынын аты Момокон болчу. Азыркы аялымдын атасынын аты Коруш. Ушундай ысым чечендерде барбы же жокпу? Атасы адигене уруусунан, апасы сарыбагыш. Элдин арасында оозу боштор толтура да. Ар нерсени айта беришет. Мага көнүмүш нерсе болуп калды. Ким саясатта болсо ал тууралуу ушундай ушак сөздөр болот. Бул нормалдуу эле көрүнүш. Азыр президент тууралуу социалдык тармактарда ар кандай сөздөр айтылып жатат. Абылгазиев жөнүндө дагы баары ар нерсени айтып жатышат.

 

– Бир жыл мурун маек бергениңизде, Тынычбек Акматбаев  Батукаев тарабынан түрмөдө өлтүрүлгөн учурда өзүңүз түрмөгө кирип, Батукаев менен сүйлөшүү жүргүзгөнүңүздү айткан элеңиз. Зарылбек Рысалиев “Кулов түрмөгө кирип алып, спецназды киргизгенге уруксат бербей койгон” деп айтып жатат. Атайын операцияга эмне үчүн тоскоолдук кылгансыз?

 

– ИИМ министри Мурат Суталиновдон “Акматбаев жарадарбы же өлдүбү?” деп сурадым. Ал “Аныгын билбейбиз, жарадар деп уктук” деп маалымат берди. “Сиздин аракетиңиз кандай болот? Эмне кылыш керек?” деп курч учурда сурайсың. Сөзсүз бир чечимге келиш керек. “Спецназды чакырдык…” деди. “Качан келет?” десем, “Эки саттта” деп жооп айтты. Алар келгиче кеч кирмек. Түрмөгө киргенде дагы ал жактагы абалды билишпейт. Зектерде дагы курал бар болгон. Канча адам курал менен тосуп алары белгисиз. Спецназдын балдары дагы окко учат. Андан кийин бүтүндөй өлкө көтөрүлмөк. Бул оюн эмес. Түндө атайын операция өткөрүүгө эч ким уруксат бербейт. Биздин негизги максатыбыз жарадар болду деген депутат Тынычбек Акматбаевди алып чыгуу болгон. Андан бери бир топ жыл өттү. Рысалиев ошол кезде эле “Бул туура эмес, атайын операцияны өткөрүш керек эле” деп айткан эмес? Анын айтканы олуттуу деле эмес. Байкуш абалды так билген эмес да.

 

– Батукаевдин бошотулушунда акча негизги ролду ойногон деп айтылып жатат. Ушуга ишенесизби?

 

– Колунан кармап албагандан кийин бирөөнү каралоо туура эмес. Орустар деле “Не пойман не вор” деп айтышат. Акча роль ойногонбу же жокпу, аны тергөө аныктайт. Бирок, Батукаевдин карындашы мынча акчаны бул жакка бергенбиз деп айтып жатат. Жыйынтыгын жакында көрөбүз го.

 

– Акча боюнча Нариман Түлеев дагы айтып жатпайбы?

 

– Мен дагы Наримандын маегин окудум. Нариман өзү изилдөө өткөрсө керек. Түрмө башчысы “больничный” алган, орун басары дагы жумушка чыкпаган, старший опер бошотуу жөнүндөгү көрсөтмөгө кол койгон, Рысалиев арткы дата менен буйрук чыгарды” деп айтып жатат. Мен муну билген эмесмин.

 

– Рысалиев өзү “Кактус.медиага” маек бергендеги сөзүндө “Доказательная часть в том, что Батукаев, когда я разговаривал с ним по телефону, сказал мне так: “Заке, в чем моя вина? Да, я преступник и получил приговор и срок, но я же откупился. Я отдал деньги тому, кто у меня просил, и отдал столько, сколько просили. Я по-красному и по-черному прав, я откупился от красных, от твоих друзей и коллег откупился” деп айтып жатпайбы?

 

– “Каралардын” мыйзамы боюнча кандай чечилерин, кимге акча берерин билбейм. “Кызылдар” боюнча болсо пара берилгенин айтып жатат да. Кимге берилгенин уккан эмесмин. Дагы бир жагдай бар. Батукаевдин “Заке” деп кайрылганын айтып жатпайбы. Антип жакын кишиге гана айтат да. Азиздин “Заке, мен “кызыл”, “кара” вариант боюнча чечкем. Мага эч кандай доомат болбошу керек” деп айтып жатканы дагы таң калыштуу болууда. Зек, мыйзамдагы ууру жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилиги менен телефондо ушинтип сүйлөшкөнү дагы ойлончу маселе.

 

– Батукаев түрмөдө жатканда дагы бир мыйзамдагы ууру “Коля киргиз” лакап аты бар Камчы Көлбаев четте жүргөн болчу. Азизди чыгарып жиберип, Камчыны өлкөгө алып келүү кимдир бирөөгө ыңгайлуу болгон эмеспи?

 

– Экөөнүн мамилеси тууралуу билбейм. Мага кызык да эмес. Атамбаевге киргенимди айтып бербедим беле. Ошондо Атамбаев дагы “Кыргызстандан бир киши кетсе, бул жакта “оперативный разрядка болот деди” деп айткан. Кандай разрядка болорун оперативниктер айтат. Ал үчүн оперативдүү маалымат болушу керек. Мага эч ким маалымат берген эмес. Ошондуктан бул тууралуу эч нерсе билбейм.

 

– Бийлик үчүн деле “караларды” көзөмөлдөгөн өз киши керек го?

 

- Мисалы, Грузияда мыйзамдагы ууру болсо дароо 10 жылга түрмөгө олтургузат. Ал жакта ошондой мыйзам бар. Камчы азыр бизнесмен болгонун айтып жатышат. Ал тууралуу бирөөнү карактаган жөнүндө расмий маалымат жок. Жаран катары бизнес кылганга укугу бар. Сен мыйзамдагы уурусуң, түрмөгө олтурушуң керек деген мыйзам жок.

 

– Рысалиев инструкция боюнча Батукаевди коштоп келгенбиз деп айтып жатат. Жаза аткаруу кызматы түрмөдөн соттун чечими менен чыккан жаранды көзөмөлгө алганга укуктуубу?

 

– Менимче бул туура эмес. Жаңы инструкция чыкканын билбейм. Бирок, эски инструкция боюнча мындай боло элек. Мыйзамдагы ууруну эскорд менен аэропортко чейин коштоп барган практикада болгон эмес. Түрмөдөн соттун чечими менен чыккан кишини эч ким коштоп жүрбөйт.

 

– Мурунку маегиңизде “Атамбаев менен сүйлөшкөнүмдө жеке өзү ушул тууралуу айтып берген.  Мен сурабасам да өзү “Феликс Шаршенбаевич, Батукаев тууралуу ар кандай сөздөр айтылып жатат. Сиздин оюңуз кандай?” деп айтып калды. Аны бошотуп жибербедиби, эми менден эмне үчүн сурап жатасыз?- дедим. Атамбаев “Мага вице-премьер-министр Шамиль Атаханов келип, “ Батукаев оорулуу, ал эч кимди өлтүргөн эмес. Бул жакта калса эки “мыйзамдагы уурунун” ортосундагы тиреш күчөйт. Эгер ал эч кимди өлтүрбөсө, оорулуу болсо бошотуп жибербейлиби? ” деп суранды. Мен андай болсо карап көргүлө деп макул болгом” деп айткан” деген элеңиз. Шамиль Атаханов сиздин айтканыңызды “Мен президентке кирген эмесмин” деп жокко чыгарбадыбы?

 

– Мен бул сөздү бир жыл мурун айтып бергем. Баары унчукпай эле олтурушту. Азыр активдүү процесс башталганда баары үн катып жатат. Рысалиев спецназ тууралуу атайын операцияны айтты. Атаханов андай болгон эмес деп чыкты. Эмне үчүн бир жыл мурун айтышкан жок? Атамбаев өзү “Батукаевдин чыгып кетишинде Шамиль Атахановдун күнөөсү бар” деп айтканын окудум. Экс-президенттин кол тийбестиги боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Эми Атамбаевди суракка чакырганга болбойт деген мыйзам жок. Аны тергөөгө чакырышат. Ошондуктан жыйынтыкты күтүп туруш керек. Шамилди олтургузушту. Менин каалоом ушул иш боюнча батыраак жыйынтык чыгарса жакшы болот эле. Менин Атахановго эч кандай дооматым жок.

 

– Сиз дагы тергөөгө чакырылдыңызбы?

 

– Чакырышты, барып сурак берип чыктым.

 

– Канча убакыт олтурдуңуз?

 

– Жарым сааттай олтурдум. Жалаң Атамбаевдин айткан сөзү боюнча суроолорду беришти. Ошол боюнча айтып бердим. Эч кимди күнөөлөгөн жокмун.

 

– Баары эле дарыгерлерди күнөөлүү деп айтып жатышат. Дарыгерлер эч кимден буйрук болбосо өздөрү ушул ишке бара алмак беле?

 

– Суталиновду деле сот карап, дароо чыгарган жок. Шарт боюнча оорулуу болсо түрмөнүн ооруканасына жөнөтүш керек. мыйзамдагы ууру болуп жаткан соң дарыгерлер диагноз коюп жатса дагы, өздөрүнүн ооруканасына жөнөтүп, кайрадан анализ алып, текшерүү зарыл болчу.

 

– Батукаев түрмөдө жатып алып, наркотрафикке таасир этип бурган деген сөз бар. Мүмкүн, наркотрафикти өз көзөмөлгө алгысы келгендер анын өлкөдөн чыгып кетишине кызыкдар болгон эмеспи?

 

– Наркотрафик түштүктө болуш керек. Азиз ал жакка бир да жолу барган жок. Чүйдөгү, Нарындагы түрмөдө олтурду. Наркотрафикке таасир эткенине ишенбейм. Наркотрафикти чек арачылар, бажычылар, УКМК, милиция көзөмөлдөйт. Баардык күч структуралар көзөмөлдөгөн жерге мыйзамдагы ууру таасир эткенине ишенбейм.

 

– Азиз аралашкан эмес деп ойлойсузбу?

 

– “Воровской закон” боюнча “кызылдар” менен тыгыз мамиле болбойт. Башкача түшүнүк жашайт. Чыныгы мыйзамдагы ууру болсо “кызылдар” менен мамиле түзбөшү керек. Мамиле түзгөндү “западло” дешет.

 

– “Феликс Кулов Батукаев түрмөдөн чыккандан баштап байланышта болуп, аэропортко узатканы барган” деген сөздү өзүңүз уктуңузбу?

 

- Күлкү гана келет. Партиядагы балдардан уктум. Аялымды карындашы кылып жиберишпедиби. Ал тургай мени хизбут-тахрир деп “Дело№” гезити чыгарды. Турсунбай Бакир уулу мага “Феликс Шаршенбаевич, сиз номур биринчи хизбут-тахрир болсоңуз, экинчи номур мен болоюн” деп тамашалап күлдү.

 

– Батукаевдин иши  экс-вице-премьердин деңгээлине чейин жетти. Ушуну менен токтойбу же андан жогору турган кишилерге чейин жетеби?

 

– Эшматов же Ташматов вице-премьер-министр болсун. Дагы бири Жаза аткаруу кызматынын башчысы дейли. Вице-премьер-министр телефон чалып суранганда, Жаза аткаруу кызматынын башчысы “Урматуу Эшматов, бул Өкмөттүн буйругубу же башкабы? Кечиресиз, инструкция боюнча мындай болбойт. Бизге жазуу түрүндө бериңиз” деши керек. Эч ким жазуу түрүндө бербейт. Андай болгон соң Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси кимди угат? Вице-премьер-министр кимге чыгат? Ушул суроого жооп издеш керек. Буга тергөө жооп издесин. Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси вице-премьерге ишенеби? Реалдуу эмес.

 

– Шамиль Атаханов вице-премьер-министр катары баарын башкарганга күчү жетмекпи?

 

– Жок. ИИМ, Жаза аткаруу кызматы, УКМК өз алдынча жооп берет. Прокуратура вице-премьерди укпайт.

 

– Өлкө башчысы аралашпаса ушул иш бүтмөк  беле?

 

– Суроо бойдон калчу маселе.

 

– Чечилиши кыйын болуш керек го дейм?

 

– Сөзсүз, чечилиши кыйын болчу. Атамбаев мага Шамиль Атаханов кирип, бошотуп жиберүү тууралуу айтканын айтып жатат. Ошондо “Мыйзам чегинде чечиш керек” деп айтыптыр.

 

– Атамбаевдин “Мыйзам чегинде чечиш керек” дегени буйрукпу?

 

– Бул буйрук эмес. Мыйзам чегинде чечиш керек дегенди баардык киши айтат. Реалдуу  ушундай же башкача болгонун билбейм.

 

– Сиз түрмөдө олтурганыңызда чечен улутундагы Казбек менен жакшы мамиледе болгон экенсиз. Казбек аркылуу чечендер менен мамиле түзгөн деп айтып жүрүшөт. Чындап эле Казбек экөөңүздөр жакшы мамиледе болгонсуңарбы?

 

– Казбектин биографиясы абдан кызык. Союз учурунда көп аял алуу болгон эмес да. Казбектин апасы орус, атасы чечен. Атасынын биринчи аялынан бир кызы болот. Казбек 6 жашка чыкканда атасы апасына келип, баланы өзүнүн фамилиясына өткөрүүгө макул болуп, чечен деп жаздырат.  Ага чейин орус тарбиясын алып, аты Денис болгон. Атасы фамилиясын бергенден кийин Казбекти тил үйрөн деп чеченге жиберет. Ал чабанга барат. Бир жыл өтүп кайра келет. Келгенден кийин велосипед же телефон алыппы түрмөгө олтурат. Түрмөдөн чыгып Индияга “Таблиги жамаат” медресеге кетет. Бул жакка келип даватчы болуп жүргөн. “Байке, мен Кудайга ишенем” деп “Аллах” деп жүргөн. Азаматсың деп айткам. Эркиндикке чыккандан кийин намаз окуп жүрүп, башка жакта жүрөгү кармап өлгөн. Бирок, Москвада дагы чечен улутундагы Казбек деген бар. Баары ошол Казбек менен байланышы бар деп ойлошот. Оперативниктер дагы туура эмес маалымат, башка Казбек деген маалымат беришкен. Орус тарбиясын алган Казбектин Батукаев менен байланышы болгон эмес. Ал жаш бала болчу.

 

– Экс-президентти суракка чакыра алышабы?

 

– Жаңы кабыл алынган мыйзам боюнча кол тийбестик алынып салынбадыбы. Суракка сөзсүз чакырат. Парламенттин уруксаты суракка кереги жок.

 

Маектешкен Темирлан Токтоболотов

Булак: “Жаңы ордо”