С.Муканбетов: "Сапар Исаков кызматтан ишеним көрсөтпөө жолу менен айдалып, өзү саясый өлүк болуп атканы менен иши жок... Ичи күйгөндөн ошентип айтып алды го?".

 

- Сабыр байке, өкмөттүн отставкасы, КСДПнын позициясы тууралуу кеп салсаңыз. Эмне үчүн өкмөт тездик менен, шашылыш, отчетун да толук угуп-укпай кетирилди? Коомчулукта КСДП партиясынын кечээ эле өкмөттүн отчетун жактырып, бүгүн кайра оппозициялык фракциялардын өкмөттү кетирүү демилгесин колдоп кеткенине таңыркап, жактырбай, сындап жаткандар тууралуу кандай ойдосуз?

 

- Саясый чечим болду. Кырдаалдын курчуп, тездешине экс-президенттин чектен чыккан, мыйзамды уруп ойнобогон, элдин пикирин көзгө илбеген жоруктары себепкер болду. Эл шайлап, жаңыдан тактыга отурган президентти “музоо кезинен сүзгүлөп, башкарып алам, ууру-кески шакирттерим менен баштагыдай эле өз билгенимди кылып, тайралаңдай берем” деген  Алмазбек Атамбаев чектен чыккан аракеттерди көрүп, өзүнөн корккон мамлекеттик кызматкерлерди президентке каршы ачыктан ачык тукуруп, өзү баш болуп жаңы эл башчыга жалаа жаап, коомчулук астында кадыр-баркын кетирүү аракеттерин көрө баштады.

 

Сооронбай Жээнбеков болушунча чыдап, маселени маданияттуу, мыйзамдуу өнүгүшүнө аракет жасады. Элдин экс-президентке кыжыры кайнап, жаңы президентке да ашкере сабырдуулугуна жиндери келип, сындап, кескин чараларды көрүп, бийлигин колдонуусун, коррупцияга каршы күрөшүн реалдуу аткара башташын талап кыла баштады. Акыры, орустар айтмакчы “чаша терпения переполнилась”. Абдил Сегизбаев менен бирге коррупцияны крышовать эткенге шектелип кызматтан алынган УКМКнын орун басары Болот Сүйүнбаевди Атамбаевдин айгагы менен Сапар Исаков кайрадан кызматка койду. Болгондо да өкмөттүн экономикалык кылмыштар менен күрөшө турган органга жетекчи кылып дайындады. Сапар Исаковдун бул кадамы, “билгениңерди кылгыла, мен өзүмдү өстүргөн экс-президентти гана угам, жаңы баш мыйзам боюнча укугумду пайдаланам, биз - АШАнын командасы саясый күчпүз, силерге дагы көргөзөбүз!" деген демарш катары кабыл алынды.  

 

Өлкөдө туруксуздук, баш-аламандык коркунучу пайда болду. Буга чейин эле Сапар Исаков менен Алмазбек Атамбаевдин чуулгандуу коррупциялык иштердин баарына тиешеси бар экендиги ачыктала баштагандыктан, экс-президентке так ошол ызы-чуу, будуң-чаң керектиги, ошондой хаос менен алагды кылып жоопкерчиликтен кутулуп кетүү ниети бар экени ачык билине баштады. Коомдун кыжырдануусу апогейине жетти. Акыры Сооронбай Жээнбеков, аны колдоого алып жаткан депутаттар КСДПсы менен кошо, “эксти тыйуу керек” деген бир чечимге келишип, Сапар Исаковду кызматтан кууп чыгып, элибиздин, тынчтыгын, өнүгүүсүн тандады. Туура чечим болду.

 

КСДПнын депутаттары тууралуу сурадың. Ооба алар бир-эки күн мурун эле өкмөттүн отчетун жактырышкан. Бирок алар дагы, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов айткандай - көз карашын, так ошол саясый тирешүүнүн айынан кескин өзгөртүүгө мажбур болушту. Алмаз Атамбев менен фракция депутаттарынын соңку жолугушуусунан кийин, “экстин” агониясына күбө болгон КСДПнын депутаттарынын көбү айный баштаган кезде, тигинтип Сапар Исаков ачык карама-каршылыкка чыгып Болот Сүйүмбаевди дайындаганы чоң чатак башталаарынан кабар берип, туруктуулукту сактап калуу маселеси биринчи планга чыкты. Ошентип КСДП оппозициялык фракциялардын өкмөттү отставкага кетирүү чечимин колдоого мажбур болду. Эл тынчтыгы таразага түшүп атса, АШАга кошулуп “эмне болсоң ошо бол, Аксууну башы жошо бол” дешмек беле. Ошондуктан, мен бул жерден КСДП фракциясын сындоодон алысмын.

 

- Сапар Исаков кызматтан алынаары менен Жогорку Кенешке акаарат келтирип, “120 саясый өлүктөр отурат” дегенин уктунуз да. Депутаттар ошол сөзү үчүн жоопкерчилике тартууну талап кылып да жиберишти. Ушу боюнча жоопкерчиликке тартуу идеасына кандай карайсыз? Мүмкүнбү?

 

- Кызматтан ишеним көрсөтпөө жолу менен айдалып, өзү саясый өлүк болуп атканы менен иши жок... Ичи күйгөндөн ошентип айтып алды го? Эми ал сөзүнүн артынан кубалап, саясатка айлантып, ызы-чуу салып, укук-коргоо органдарын алагды кылып кереги жок. Менимче аны, ал айтканы үчүн эмес, коррупциялык иштерге аралашкандыгы үчүн жоопко тартып, жегендерин кустуруу реалдуурак. Сапар Исаковго байланыштуу коррупциялык иштер, камалгандардын көрсөтмөлөрү бар экендиги ЖМКларда эле жетиштүү айтылды, укук коргоо органдарында бизге жетпеген дагы кандай маалыматтар бар экенин биз билбейбиз да. Сапар Исаков менен АШАнын жан-жөөкөрлөрүн жегендерин кустурбай, какыс-кукус кылуу менен калсак, коррупциянын сазынан чыгып, тазалануу жолуна түшө албайбыз. Сооронбай Жээнбеков: “... биртууганым экенине, дос экенине карабайм, кол менен кылгандарын баштары менен тартышсын”- дебедиби. Туура айтты. Аткарсын ошону. Айтаарын айтып алып, иш жүзүндө башкача кылып, калкалап жатканы билинсе өзүнө жаман. 

 

- Президенттин эрки, Жогорку Кеңештин ыкчам чаралары аркасында экс-президенттин “канат-куйругу” кыркылып, коом туруктуулугу сакталып калганына эл деле ыраазы болгону байкалып турат. Эми мындан аркысы кандай болоор экен? АШАнын “Апрель” фондусуна берилген медиа ресурстар маалымат согушун жарыялап, оппозиция болоорун, жаңы бийликтин аброюн бат эле паска түшүрүп салышаарын айтып, мактанышканы айтылууда. Ушул боюнча бир эки ооз сөз?

 

- Саясый аренадагы акыркы, чоң өзгөрүштөрдүн жыйынтыгында Сооронбай Жээнбеков толук кандуу президент болуп, эки тизгин бир чылбырды колго алды десек болот. Буга элибиз да канагатанып, санаасы тынып, “эми, Кудай буйурса өнүгүү жолуна түшөбүз” деген ниет менен жаңыланууну, өзгөрүштөрдү күтүп жатат. Эми мындан аркынын баарына Сооронбай Жээнбеков жоопкер. Бийликти толугу менен алды. Эми ал тирүүлөй мишень. Орустар айтмакчы “превратился в обьект критики!”. АШАнын медиясы эле эмес, жалпы эл, бүт ЖМКлар эми анын ар бир кадамына микроскоп менен көз салат. Бул жагынан алганда “Апрель” фондунун медиалары деле, жалпы эле ЖМКлар бир тараптабыз, коллегабыз десек да болот. Төртүнчү бийлик деген атыбыз бар, милдетибиз ошо мамлекеттик бийликтин ак, адилет иштешине көз салуу да. Эми бул, апрелде башка жээкте жүрүп, же качып кетип, азыр кайра “апрелчи” боло калып аткандар ушул зобололу озуйпаны аткарууга канчага чыдайт? Ал башка маселе...

 

Анан эми, өзүнчө эле пропаганданын “Гебельси” болчудай билегин түрүнүп аткан Фарид Ниязов баш болгон “Апрель” фондусундагы медиаларга мен ийгилик каалайм демекчимин. Көрүшсүн алар дагы, бийлик менен алышкан кандай болоорун. Бул апрелчилер фондуна АША жакшы эле каражат бөлдү деп уктук. Каражат бар, духтары кандай болоор экен? Аны айтканым, 2010-жылдын апрелинде Фарид качып кетип, Атамбаев бийликке келгенде кайрадан пайда болгонун билебиз. Ооба анын акылы жетиштүү, айлакер, бирок суу жүрөк, ысык-суука чыдамы жок неме. Андыктан “күн күркүрөсө” - 40 га жерге, 20-30 квартирага кыска мөөнөттө кантип ээ болдуң деген суроо берилсе - Фарид кайрадан безип кетсе фонд талаада калышы толук мүмкүн.

 

- Коомчулукта жаңы бийликке болгон ишеним жогору экени талашсыз. Бирок элибиз канагаттанбай президентке болгон талаптар да катуу болуп жаткандай. “Эмне үчүн коррупция менен болгон күрөш майда-чүйдө чабактарды камоо менен чектелип, акулалар эмнеге камалбайт? Эмне үчүн ичкен-жегендерди кустуруу иштери жүрбөйт?” деген талаптарды угуп жатасыз да. Грузияда, Өзбекстанда, дүйнөнүн көп эле өлкөлөрүндө деле түрмөгө камап, “жеген-ичкениңди мамлекетке кайтарсаң жеңилдетүү чарасын карайбыз” деген шарттар коюлуп, жакшы эле жыйынтыктар болуп жатат. Бизде ошол иш эмнеге башталбайт? Эл ичинде, “президентибиздин мындайга тиши өтпөйбү, коркок-билиши барбы?” деген сөздөр чыгып жатпайбы? Сиз кандай дейсиз?

 

- Мен ал сөздөрдү угуп атам. Укмак турмак мен ошондой талаптарды колдойм. Элдин талабы, мүдөөсү орундалышы керек. Антпесе бийлик аброй таппайт! Эми азыр, мына, кечээ эле эки тизгин бир чылбырды колго алды деп атпайбызбы. Ооба, эми башталышы керек. Сооронбай Жээнбеков өзү шайлоо учурунда айтканын аткарсын! 35 коррупционерди камап, кустурсун! Болбосо эл эсинде, сөзүндө турбаган президент катары калат. Ал эчтеке эмес, эч нерсе өзгөрбөй, баары мурдагыдай улана бериши андан да жаман. Андайды элибиз кечирбейт. Акыйкаттык, адилеттүүлүк орнотом дебедиби. Толук кандуу, бардык багытта адилеттүүлүк тарапка өтүп, акыйкатсыздык менен уурулукка, эки беттүүлүккө каршы чыкканда гана иши жылат. Илең-салаң, бармак-басты, көз кысты жарабайт. Орустар айтмакчы “наполовину беременным быть нельзя”. Ак менен каранын же тиягына, же биягына өтүүсү керек.

 

Өзүңөр көрүп атасыңар, Сооронбай Жээнбеков тактыга отурганы ондогон адамдар камакка алынды. Эч ким нааразы болуп чыккан жок. Эмне үчүн? Анткени туура, күнөөсү барлар камакка алынып атат. Ошон үчүн нааразычылык акциялары жок. Күнөөлөрүн сезип атат. Атамбаевдин камакка алууларын эстегилечи, ар дайым коомчулук чуулдап, көчөдө, соттордун алдынды жүрчү элек го? Анткени ал уурулар менен шыбагалаш болуп алып, кайра өзүнүн бетин ачкандарга зомбулук көрсөтүп камаган. Көрдүңөрбү айырмасын. Бул жаңы президент туура жолдо экенинин далили да.

 

Өркүндөп өскөнүбүз да жалгыз президентке керек эмес, жалпы баарыбызга керек. Ошондуктан ар кимибиз кол кабыш кылып колдоого алалы деп атабыз. Анан ушундай элдин колдоосун, ушундай шансты колдон чыгарбай иш алып барса, албетте эли ардактаган журт атасына айланат. Азгырылса, айныса, жаңылса анда президентке эле эмес, бизге да жаман. Шору арылбаган эл бойдон калабыз! 

 

- Мына сиз, “чала-була боозуган болбойт, же боозсуң, же кысырсың” дегендей ойду айттыңыз. Мен да ошондой ойлойм.  Толук кандуу адилеттүүлүк башталсын, уурулук, эки беттүүлүк, акыйкатсыздык менен түбөөлүктүү коштошсун, туруктуу каршы чыксын! Эл да ошону каалап турат. Анда адилетсиз камалгандар эмне болот? Алар да эркиндикке чыгышы керек да. Болбосо кантип адилеттүүлүк орноп баштады деп айтабыз? Бизде бул багытта такыр жылыш жок болуп жатат го? Буга кандай дейсиз?

 

- Туура айтып атасың? Мына Акаев кеткенде Феликс Кулов, Бакиев кеткенде Исмаил Исаков баш болуп, куугунтукталып камалгандар түрмөдөн бошотулган. Мирзиёев бийликке келгенден кийин Каримовдун убагында репрессияга кабылган 2500 адамды түрмөдөн чыгарып, азаттык берди. Дүйнөлүк практикада жаңыдан тактыга отурган падышалар ырайым кылып, аминистия берүү салты бар. Айрым падышалар элге болгон байлыгын таратып, алтын чачтырып да жиберет. Сауд Аравиясынын королу тактыга отурганда 30-40 млрд долларды элине таркатып салбадыбы? Эми Сокеде андай чача турган байлык жок, бирок ырайым жасаш мүмкүнчүлүгү бар.

 

Анан дагы Атамбаев тарабынан жүргүзүлгон куугунтуктоолор, камоолор негизинен адилетсиз, опоненттерден өч алуу үчүн жасалганы, бул кыңыр иштерди аткарууда сот бийлиги “зордукталып”, аброюунан ажыраганын эл көрүп билип турат. Бул багытта адилеттүүлүктү калыбына келтирмейинче, башка жасаган иштердин адилеттүүлүгүнө эл ишениши кыйын. Ошондуктан мен ойлойм, Сооронбай Жээнбеков эл башы катары ырайымдуулук көрсөтүшү керек! Эми жана, “жаңыдан эки тизгин бир чылбырды колго алды” дебедикпи. Күтөбүз да. Мен мисалы, “саясый туткундар бошотулат” деп эле ишенип турам. Мөөнөтү эле бир аз чоюлуп баратат.

 

Маектешкен

Нургазы АНАРКУЛОВ

 

Булак: “Майдан.kg гезити, №15 (352), 25.04.2018-ж.