К.Ташиев: "Балким, бирөөлөр өз айылдарын биротоло таштап, башка жактарга көчүп кетишээр, бирок мен анте албайм – дүйнө жүзү менин айылыма батып тургандай сезилет..." 

 

15-ноябрда Барпы айылында “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин демилгеси жана каржылык колдоосу менен бүткөрүлгөн дагы бир жолдун ачылышы болду. Жалпысынан 4 километрге созулган Барпынын чок ортосунан башталып, Боз-Чычкандын дөбөсүнө карай кеткен таштак, чаң ызгып турган жолдун бир заматта керемет, көз жоосун алган тептегиз асфальтка айланганына жергиликтүү тургундар кубанганынан көздөрүнөн жаш агат. Анткени, бул жолдон мал-жандыктардан баштап, мектептеги балдарга чейин күндө басып өтүшөт. Айрыкча, велосипед, ролик тээп сүйүнгөн жаш балдардын кубанычы чексиз. Кийими чаң болбой мектептен келаткан уул-кыздарын көргөн ата-энелердин сүйүнүчүн айтып бүтүү кыйын.

 

Камчыкенин бүгүнкү күндө Барпыда “колу тийбеген” жери калбаптыр. Мектеби, жолу, суу түтүгү, спорттук залы, айтор, тапканын ташып, эли-жеринин камын көрүп келе жатат. Ушундан улам да, тили менен буудай кууруган айрым саясатчылардын айылына керек болсо бир да дарак тийип койбостон, шайлоо жакындаганда чуркап келе калып, “мени колдогула”- деп док урунганы эске түштү негедир. Кыргыздын ичинде байлар көп, алардын дээрлик 90 пайызы депутат. Акчасын чачып шайланып алышкандыктан, шайлоонун эртеси айылына кеткен жолду унутушат. Барсаң, маселен, “эмне кылайын, береримди бергем”- дешип, добуштарды сатып алганын кыйытышат. Мына ошолорго Кудай насип, ыйман берип, айылдарына каралашып турчу болсочу, Кыргызстан кандай гүлдөмөк эле. Тилекке каршы, мындай элдик уулдарды азыр санасаң, беш манжаң жетпей калат. Алардын бири ушул Камчыбек Кыдыршаевич. Азыр да ал, эл менен жолугушканда, “мени ушундай тарбиялаган силерсиңер, рахмат”- деген ыраазычылык билдирет. Ошол эле кезде, “мына канча менмин деген саясатчылар да менин тагдырымды кайталашты. Бирок, аларды эли силер мени колдогондой колдоп чыгышкан жок. Өзгөчө баатыр элиме таазим этем”,- дейт. А бирок, чындыктын көзүн тике караганда, кеп Камчыбек Ташиевдин өзүндө да. Элине жасаган жакшылыктарын эстегенде, эл ушундай уулун “карышкырларга” салып берип, тиктеп турбайт го... Азыр ушу тапта шайлоо деген деле нерсе жок. А бирок, Камчыке айыл жолдорун оңдоо менен алек. “Анткени, мен ушул жерде чоңойгом, бул менин милдетим”,- дейт ал.

 

“Балалыгың калган айылың, кичи мекениң кайда, табигаттын кандай шартында жайгашпасын, мейли ал какыраган чөлдө болобу, аскасы асман челген тоолордун койнундабы же гүлбакчалуу өрөөндөбү, адам үчүн бул маанилүү эмес. Маселе, туулуп-өскөн айлыңдын сенин жүрөгүңө байланган касиетинде деп ойлойм. Биздин Таш-Дөбө айылыбыз чындыгында эле гүлзарлуу өрөөндө жайгашкан. Облустун борбору Жалал-Абад шаарына чейин ат чабым эле аралык. Андан ары Сузак, Базар-Коргон, айтылуу Арстанбап, түштүк-батыш тарабында тарыхка бай Фергана өрөөнү созулуп жатат. Чыгышында тоо таянып Барпы акын баскан өрөөндөр, Ачы айылы, улуу тоолор, түштүгүнө карай Өзгөн калаасы жайгашкан. Бир сөз менен айтканда, туулуп-өскөн Таш-Дөбө айылым адамдын жашоосуна өтө ыңгайлуу, табигаттын ажайып бир кооз жеринде, төрт мезгил: жаз жаздай, жай жайдай, күз күздөй, кыш кыштай өз нугунда өткөн өрөөндөн орун алган. Бул берекелүү өрөөн чыныгы дыйкандардын мекени деп ойлойм. Анткени бул аймакта адамдын жерге жасаган мээнети текке кетпейт. Кыргызстандын бардык эле аймактарында жерге сепкен үрөнүң ойдогудай чыгып, өз түшүмүн бере бербейт. Жалал-Абад өрөөнүндө, анын ичинде биздин Барпыда табигат ыроологон мөмө-жемиштердин, жашылчалардын, эгин-тегиндин баары өнүп-өсүп, бышып-төгүлүп турат. Бир гана адамдын мээнети керек. Бул өрөөн чыныгы дыйкандардын мекени дегеним менин атам Кыдырша өмүрүн дыйканчылыкка арнаган, кетмени ийининен түшпөгөн, маңдай тер эмгеги менен жашаган адам эле”,- деп айтып калат балалыгы өткөн айылы тууралуу Камчыбек Кыдыршаевич.

 

“Баякы ыркыраган шамалга төшүбүздү тосуп чуркап ойногон адырлар түшүмдөн кетпейт. Досторум Арзымат, Кадыр, Зайырбек, Миталиптер болуп бул адырларда эчен балалык оюндарды ойноп, бактылуу күндөрдү өткөрдүк. Азыр да айына бир-эки жолу барып, атамдын жыты сакталган эски кемселин кийип алып, баякы балалыгым өткөн жолдорду бир катар басып чыкмайын көксөөм канбайт. Балким, бирөөлөр өз айылдарын биротоло таштап, башка жактарга көчүп кетишээр, бирок мен анте албайм – дүйнө жүзү менин айылыма батып тургандай сезилет. Ошондуктан мен өз айылымдын өнүгүп-өсүшү үчүн колумдан келген жардамымды аябаймын. Менин балалык кезимде чечилбеген, өксүк болгон айрым маселелерди чечкенге аракет кылам. Азыркы өсүп келаткан муун биз тарткан өксүктөрдү тартпаса дейм. Андыктан менин өз айылым үчүн жасап жаткан иштеримдин баары өткөн балалыгым менен тыгыз байланыштуу”, - дейт К.Ташиев. Мына, Камчыкенин кайрымдуулугунун төркүнү кайда жатат!

 

Жол... Жол салгандын сообу өтө чоң дешет. Өткөн аптада Барпыдагы жолдун ачылышы боюнча соцтармактардагы айрым ойлорду окуп, абдан капа болдум. Өмүрү бир даараткана салып койбогон ээнооздор ошол жерден Камчыкенин бул соопчулук ишин сындап, ыплас сөздөр менен коштошуптур. Буларды Кудайга гана коюш керек. Адам баласынын башкаларга жасаган жакшылыгын көрө албагандарды “адам” деп айтууга ооз да барбайт.

 

Камчыбек Ташиев азыркы ачылышы болуп жаткан жолдун курулушун 2006-жылы баштаганын, ортодо кыйынчылыктар болуп, токтоп калганын, ошол маалда мамлекет жок дегенде бир метрин жылдырып койгонго жарабай койгунун, бирок, акыры минтип өзү бүтүргөнүн айтты. “Айрым саясатчылар айылына шайлоо башталганда эле баш багып калышат. Бир көрүнүктүү иш жасай турган болсо, андан пайда алууну көздөйт. Менин мындай максатым эч качан болбогонун сиздер, урматтуу айылдаштарым, жакшы билесиздер! Мен мунун баарын сиздердин жана Алла Тааламдын ыраазычылыгы үчүн жасап келатам. Анткени, мен мына ушул адырларда мал багып, топурактарына оонап, чаңын жыттап чоңойгом. Ошондуктан, биз бул жерге кызмат кылууга милдеттүүбүз! Мен мунун баарын жаттап алып айтып аткан жокмун, чын дилимден, ички дүйнөмдөн чыгып олтурат. Анткени, биздин дагы артыбыздан өсүп келе жаткан муун бар. Алар биздин жакшы иштерибизден үлгү алсын деп жатам. Эртеңки күнү жакшы даражага жетсе, айылын унутпасын, келип, колдон келген жардамын берсин. Мен Барпынын ортосунан бул жолду сала баштаганымда, Боз-Чычкандын 20-30дай аксакалы барып, “Камчы, ушуну токтотуп койбой, бүтүрүп бер, мейли бир жылдабы, он жылдабы, аягына чыгар”,- деп үмүт менен айтты эле. Ошол аксакалдардын азыр карасам, беш-алтоосу эле олтурат ушул жерде. Көбү бүгүнкү жакшылыкты көрбөй калды. Ошентсе да, бүгүн биз алар үмүт эткен чоң ишти бүтүрдүк. Жол эл жашаган жерге чейин бүттү. Эми нары адырларды карай дагы 1 километрдей бөлүгү бар, аны да буюрса кийинки жылдарда салабыз”,- деди ал.

 

Барпы айыл өкмөтүн жетектеген Абсатар Сыргабаевдин айтымында, быйыл К.Ташиевдин жардамы менен Барпыда ачылышына биз күбө болгон жолдон сырткары жаңы футболдук аянтча да пайдаланууга берилет. Аз күндө дагы бир жолдун ачылыш салтанаты болот. “Биз Камчыбек Кыдыршаевич агабыз менен сыймыктанабыз. Чындыгын айтыш керек, башка айылдардын да колунан иш келген уулдары бар, бирок, алар тапканын минтип элге жумшаганын көргөн эмеспиз”,- дейт ал.

 

Жергиликтүү тургундар К.Ташиевге ак чепкен жаап, ак калпак кийгизип, батасын беришти.

 

Мындан тышкары, К.Ташиев элге жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун саламын айтып, анын жана өзүнүн атынан президенттик шайлоодогу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

 

        

 

Булак: “Майдан.kg гезити