Б.Мурзубраимов: “Эки дос мындан ары да ушакчылардын, кутумдардын тилдерине кирбестен, эриш-аркак, таза иштөөлөрү керек...”
Кыргызстандын жалпы элдик добуш берүүдө башкаруунун Президенттик формасын тандап алып, саясый өнүгүүнүн жаңы жолуна түшкөнүнө 11-апрелде бир жыл толот. Андан берки мезгил өлкөбүз үчүн жеңил болбоду. Ковиддин кесепеттери, Украина менен Россиянын ортосундагы кагылышуулар жаңы кыйынчылыктарга кабылтууда. Бирок, кандай кыйынчылыктар болбосун Кыргызстан өз жолун тапты, өнүгүүгө карай ишенимдүү кадам таштоодо. Ага экономикалык 3,5 пайыздык өсүш , 500 миллион долларлык кор менен аяктаган өткөн жылдын жыйынтыктары далил.
Президент Садыр Жапаров баш болгон азыркы бийлик негизинен натыйжалуу эле иштөөдө. Бийлик алгач орногондо айрым мыйзамдык тилкеден четтеп кетүүлөр болсо, алардын баары оӊдолуп, ордуна келтирилди, легитимдештирилди. Өкмөт антиризистик чараларды көрүп, КМШга кирген өлкөлөрдүн баардыгын каптап кеткен инфляциянын кесепеттеринин залакаларын азайтуу боюнча мүмкүнчүлүгү жеткен чаралардын баарын көрүүдө. 1-апрелден бюджеттик кызматкерлердин бир катар категорияларынын маяналары жогорулатылганы жатат. Ал эми күздөн тарта пенсиялардын базалык бөлүгүн 50 пайызга көбөйтүү каралууда. Ошол эле мезгилде Өкмөт өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылуу максатында ондогон чакан жана майда ГЭСтерди курууну пландаштырууда. Алардын айрымдарынын курулуштары башталды. Чындыгында эле электр энергиялары менен өзүбүздү толук камсыз кылууга жетишсек, бюджеттин жүгү да жеңилдемек. Анткени, азыр кошуна өлкөлөрдөн электр энергияларын кымбатка сатып алып, элге кайра арзанга сатуудан бюджет гана зыян тартууда.Эгерде жакынкы 1-2 жылдын ичинде кошумча 2-2,5 миллиард кловатт саат электр энергияларын өндүрүүгө жетишсек, сырттан сатып алгандарга кеткен каражаттар үнөмдөлүп, экономикабызга, социалдык иштерге жумшалмак.
Коррупцияга каршы күрөш активдүү жүргүзүлүүдө. Өздөрүн кол тийгистер катары эсептегендердин көбү кармалып, камалып, мамлекетке алык-салыктардан жашырган, уурдаган каражаттарынын көбүн төлөштү. “Кустуризация” мындан ары да токтобошу, жашырылгандар, уурдалгандар мамлекетке кайтарылышы керек. Анан ошол эле мезгилде көмүскөдөгү экономиканын баары болбосо да жарымысы ачыкка чыгарылып, милдеттүү алык-салыктар жана чегерүүлөр төлөнө баштаса, бюджетибиздин киреше бөлүгү кескин көбөймөк. Көз карандысыз эксперттер, серепчилер Кыргызстандын экономикасынын 50 пайызы көмүскөдө экенин айтышат. Алардын жарымы ачыкка чыгарылса, бюджеттин киреше бөлүгүнө 40-50 млрд. сом кошулмак. Булардан сырткары, алык-салыктардын, бажы жана милдеттүү төлөмдөрдүн базаларын кеӊейтүүдө да кыймылга келтирилбей, толук пайдаланылбай жаткан ресурстар көп. Мен мында; азыркыдай татаал убакта сырттан колдоо, жардам болобу, болбойбу, аны бир кудайдын өзү билет, КМШны каптаган кризистик көрүнүштөрдөн чыгууда өзүбүздүн ички ресурстарга, мүмкүнчүлүктөргө басым жасалуусу керек дегенди айткым келет. Жок нерселерден үмүт кылгыча, бар нерселерди пайдаланган жакшы.
Министрлер Кабинетинин төрагасы, Президенттик администрациянын жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргызстандагы абалды эӊ жакшы билген күчтүү экономист, кругозору кенен, демилгечил адам катары учурдагы кыйынчылыктардан чыгып кетүүгө жол табууга аракет кылып жатат. Буга чейин ага окшоп эки чоң кош бийликти бириктирип кармаган мамчиновник болгон эмес. Анда натыйжалуу иштегенге кадрдык да, экономикалык да баардык мүмкүнчүлүктөр бар. Анын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев болсо өзүнүн тазалыгы жана ар кандай интригаларга аралашпай, өзүн рекламалабай, ишин компетентүү жакшы жүргүзүп жаткандыгына күбө болуудабыз. Социалдык тармакты тейлеген Эдил Байсалов чарчаганды, чаалыкканды билбеген жетекчи катары өзүн көрсөтүп жатат десек болот. Президенттик аппараттын жана Министрлер кабинетиндеги кадрлардын көпчүлүгү билимдери, тажрыйбалары жетиштүү, негизинен татыктуулар десек болот. Кыскасы, акыркы мезгилдерде маанилүү кызматтардагы кадрлар эл арасында оӊ пикирди жаратууда. Кадр маселесинде кээде жаңылыштыктар болууда, бирок тез эле кайра алмаштырылып, түзөтүлгөнүнө өзүбүз күбө болуп атабыз. Билек түрө иштешсе, азыркы Өкмөттүн колунан баардыгы келет. Президент да аларга өз алдынчалыкты, укукту берүүдө. Эгерде элдин, мамлекеттин камын ойлошуп, көздөшүп, иштешсе, аларда көз карандысыздыктан берки мезгилдеги эң натыйжалуу Өкмөт катары тарыхка кирип калганга баардык мүмкүнчүлүктөр бар. Алдуу күчтүү кесипкөй болгондон кийин ал тарыхый шансты пайдаланып калууга аракеттенүүлөрү зарыл.
Президентибиз Садыр Жапаров башынан кандай гана кыйынчылыктарды өткөрбөдү. Бирок, кудайдын көзү түз экен баарын жеңип, баарын артка калтырып, мамлекет башчысы болуп олтурат. Ал жоопкерчиликтин баарын өзүнө алып, чейрек кылымдан бери чечилбеген “Кумтөр” маселесин аягына чыгарды. “Кумтөрдөгү” мурда сыртка кеткен кирешелер азыр өзүбүзгө түшүүдө. Анда айрым кыйынчылыктар болуп жатканы айтылууда, жазылууда, бирок, “көч бара-бара түзөлөт”- дегендей, акырындап “Кумтөрдөгү” абал биротоло жакшы жагына оңолуп кетээрине үмүтүбүз чоң.
Президент мурдагы убактарда ар кандай себептер менен өздөрүнчө жерлерди ээлеп, турак жайларды куруп алгандардын көйгөйлөрүн чечип берди. Ал кудайга жаккан эң чоң сооп иш болду. Адам үчүн алакандай жеринен, бала-чакасын чоңойтуп жаткан үйүнөн кымбат эч нерсе жок. Садыр Нургожоевичтин саясый эрки, чечкиндүүлүгү менен он миңдеген адамдар ондогон жылдардан бери келаткан көйгөйлөрүнөн, баш оорууларынан арылышты. Алардын жүрөктөрүнүн тереңинде мамлекет башчысына эң асыл, эң жарык алкоо сезимдери жаралгандыгына кенедей да шектенбесек болот.
Азыркы башкаруунун пайдубалы өткөн жылы 11-апрелде кабыл алынган Баш мыйзам болсо, анын архитекторлору эки дос экендиги талашсыз. Азырынча эки дос арабага чегилген кош аттай эриш-аркак иштешип, арабаны ишенимдүү тартып жатышат. Бийликке үй-бүлө мүчөлөрүн, туугандарын аралаштырбай таза иштешүүдө. А түгүл Камчыбек Ташиев бир мандаттуу округдан мыйзамдуу шайланган өз инисин депутаттыктан кетиргенге да аракет кылды эле, бирок коомчулуктун кысымы менен ал оюунан кайтты. Мындай ак жүрөктүү болууга аракеттенген жакшы көрүнүш. Элде жакшы пикир калтырат. Эки дос мындан ары да ушакчылардын, кутумдардын тилдерине кирбестен, эриш-аркак, таза иштөөлөрү керек. Ал эми экөөсүн кагыштырып, бирин экинчисине чабыштырып, бийликтин баркын, күчүн кетиргилери келчүлөр ашыгы менен жетишет. 2020-жылдын аягында майлуу-сүттүү, жылуу жумшак орундарынан, аларга кошо чоң акчалардан ажырагандар, кустуризацияга туш болгондор экөөсүнө тиштерин кайрап жүргөнү талашсыз. Элдин, мамлекеттин кызыкчылыктарын гана көздөп иштешсе, эки дос эң ийгиликтүү тандем катары тарыхыбызда калышат.
Эки достун баштагандары, аткарып жаткандары жакшы, бирок чечилбеген көйгөйлөр, мурдатан тамырлап алып, позицияларын бергиси келбеген терс көрүнүштөр да аз эмес. Саламаттыкты сактоо министри мекеме-уюмдардын, тармактардын деңгээлдериндеги “түшпөс ханга” айлангандарды тартипке салуу боюнча жакшы иштерди баштады. Чындыгында мамлекеттик мекеме, уюм болгондон кийин ал жерде жетекчилик ар 10 жылда болсо да алмашып, аймактардын кызыкчылыктары, өкүлчүлүктөрү тең сакталышы зарыл. Эзелтен элибизде: “тең жегенди-теңир да сүйөт” деп айтылбайт. Тилекке каршы, атадан балага мураска өткөрүлүп, бир аймак түгүл айылдын менчигине айланган мекмелер башка тармактарда да аз эмес. Өкмөт Алымкадыр Бейшеналиевдин демилгесин колдоп, башка тармактардагы андай көрүнүштөрдү четтетиши керек. Айрым окуу жайлардын, мектептердин жетекчиси кай жерлик болсо, эмгек жамааттарынын 70-80 пайызы ошерликтер болуп калган учурлар аз эмес. Билимдүү, идиректүү, жөндөмдүү болсо, жердештер деле чогуу иштей беришсин. Бирок, “мен жетектеген окуу жайга, мекемеге жалаң менин жердештерим гана иштеши керек”- деген принцип эскинин калдыгы, ал азыркы Садыр Жапаров жүргүзүп жаткан саясатка караманча каршы келет. Ал маселени Өкмөттүн же мамлекет башчысынын деңгээлдерине жеткирбестен министрликтердин, ведомстволордун алкактарында эле чечип, мыйзамдуу нукка салса болот. Бирок, азырынча Алымкадыр Бейшеналиевден башка бир да министрдин же ведомствонун жетекчисинин ал маселеге кызыгып, чечүүгө аракеттенгенин көрө элекпиз.
Садыр Жапаровдун ысык-суук мааракелерде ашыкча ыгым-чыгымдарды чектөө боюнча Жарлыгы мени кубандырды. Мындай чектөөлөр кошуна өлкөлөрдө атайын мыйзам, Президенттин жарлыктары менен ондогон жылдар мурда эле киргизилген. Бизде да каада-салттардын, ырым-жырымдардын жөнгө салынганы жатканы жакшы көрүнүш. “Жылкыңа карап-ышкыр, мурдуңа карап-бышкыр”, “Төшөгүңө карап бутуңду сун” дегендей, ар эл, ар мамлекет өзүнүн ал-акыбалына, чама-чаркына карап жашашы керек. Бир жактан инфляция алкымдап, экинчи жагынан, эбак 4 миллиард доллардан ашкан сырткы карыздар кысмактап турганда үнөмдүү, сарамжалдуу жашаганды үйрөнүшүбүз, ага көнүшүбүз керек. Өзбек элинин кыргыздарга караганда сатып алуу жөндөмдүүлүгү жогорулап баратканы менен аларда ысык-суук мааракелерде эч кандай ашыкча ыгым-чыгымдар болбойт. Биздин элде ысырапкорчулукту азайтуунун зарылдыгын жер-жерлерде мурдатан эле козгоп, айрым айыл аймактарында атайын укуктук-ченемдик актыларды да кабыл алып келишкен. Элден андай демилгелер көп болгон менен жогорку бийликтен колдоо тапкан эмес. Анткени, алар мамлекеттик жана муниципалдык чоң чиновниктер, байлар үчүн коррупциянын эле бир көрүнүшү болгон. Чынын айтканда премьер-министр, Жогорку Кеӊештин төрагасы деӊгээлине чейин ашыкча ысырапкорчулукка жол бербөө маселеси каралып, чечимдер кабыл алынса да мамлекетибиздин мурдагы президенттери өзүнүн жарлыгын чыгарган эмес. Садыр Нургожоевич Жапаровдун чечкиндүүлүгү менен ысырапкорчулукка байланыштуу жарлыкка кол коюлду. Эми ысырапкорчулукка чек коюлуп, муфтият, коомдук уюмдар менен биргеликте бирдиктүү сунуштама иштелип чыгып жатканы заманбап иш болду деп ойлойм. Бирок, анын аткарылып, биротоло нормага айланышы үчүн мамлекеттик жана муниципалдык органдар, коомдук уюмдар тарабынан ырааттуу көп иш аракеттер талап кылынат. Ошол жыл сайын ысык-суук мааракелерге жумшалып жаткан 3,5 миллиард долларга жакын каражаттын жармысы турак жайларды куруп, батирлерди сатып алып, чакан ишканаларды кеңейткенге жумшалса, азыркылар гана эмес, кийинки муундагылар үчүн жакшы болмок.
Ошентип мамлекет башчыбыздын, Өкмөттүн бир жылдык ишин “жакшы” деп баалаганга толук негиздер бар. Эми саамалыктарды, башталгандарды бекемдеп, өнүктүрүп, андан ары алып кетүүдө гана турат. Кыргызстандын келечеги үчүн биргелешип чогуу иштейли деген Президенттин чакырыгын колдойлу, ага ар бир кыргызстандык жаран, айрыкча интеллигенциянын өкүлдөрү менен бизнес чөйрөсүндөгүлөр өздөрүнүн конкреттүү салымдарын кошуусу керек.
Бектемир Мурзубраимов, академик
Булак: “Майдан.kg” гезити, №09 (532) 30.03.2022-жыл