Бишкек, “Саясат.kg”. Дүйнөлүк бокстун легендасы Эвандер Холивилд Кыргызстанга келди

Кыргызстанга жасаган сапарынын жүрүшүндө абсолюттук дүйнө чемпиону жана оор салмактагы дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Эвандер Холифилд эң оболу балдар жана жаш спортчулар менен жолугушуу үчүн келгенин айтты.

Эвандер Холифилд может вновь выйти на профессиональный ринг

“Мен бул жакка балдарга үлгү болуу үчүн келдим. Эгер бул сапардын аркасында жок дегенде бир нече уул-кыз спорт менен машыгып баштап, бир күнү чемпион болушса, анда менин миссиям аткарылды деген сөз. Жаңы муунду шыктандырган адам катары эсте калуу мүмкүнчүлүгү үчүн бардык сыйлыктарымды берүүгө даярмын”,- деди Холифилд.

Холифилд өзгөчө көңүлдү дал ушул балдар спортун өнүктүрүүгө бурмакчы. Анын пикиринде, Кыргызстанда дүйнөлүк деңгээлдеги жаңы спортчулардын чыгышы үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар: “Бул жерде таланттуу мушкерлер бар экенин билем. Бирок Кыргызстанды дүйнөгө тааныта турган дагы көп чемпиондорду көргүм келет”.

Кесиптик карьерасын аяктагандан кийин Холифилд коомдук жана кайрымдуулук иштер менен активдүү алектенет. Ал жаштардын спорттук долбоорлорун колдоп, балдар арасында спортту жайылтууга багытталган демилгелерге үзгүлтүксүз катышууда.

Бул миссия анын жеке баалуулуктары менен тыгыз байланыштуу. Эвандер Холифилд — 11 баланын атасы. Ал үй-бүлө, ишеним, тартип жана жоопкерчилик рингде да, анын сыртында да жашоосунун негизги принциптери бойдон каларын бир нече жолу айткан.

Холифилд тарыхтагы эң көп титулга ээ болгон мушкерлердин бири. Ал алгач биринчи оор салмакта, кийин оор салмакта абсолюттук дүйнө чемпиону болгон жалгыз спортчу болуп эсептелет. Мындан тышкары, ал оор салмактагы дүйнө чемпиону наамын төрт жолу жеңип алып, Эл аралык бокс даңк залына киргизилген.