Бишкек, "САЯСАТ.KG". Эки балбан тең таймашты 1/8 финалдан башташат.
Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу уланууда. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) расмий сайты жазды.
Бүгүн, мелдештин бешинчи күнүндө Кыргызстандын атынан Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин) жана Нурзат Нуртаева (72 кг чейин) килемге чыгышат. Эки балбан тең таймашты 1/8 финалдан башташат.
2024-жылкы Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Мээрим Жуманазарованын алгачкы атаандашы азырынча тактала элек. Ал эми 2025-жылдагы Азия чемпиону (U-23) Нурзат Нуртаева Казакстандын балбаны Жамеля Бакбергенова менен беттешет.
Эскерте кетсек, бүгүн кыргызстандык Айпери Медет кызы да дүйнө чемпиондугунун алтын медалы үчүн күрөшөт.
Булак: koom.press