Бишкек, "САЯСАТ.KG". Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, ага президент Садыр Жапаров да күбө болгон.

Сүйүнчү! Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы (U-23) Шри-Ланка футболчуларын 6:0 менен утуп, Азия кубогуна чыкты.

Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, ага президент Садыр Жапаров да күбө болгон.

Курама буга чейин “Е” тайпасынын ичинде Палестина курама командасын 2:1 эсебинде жеңген, ал эми экинчи беттешинде Өзбекстан менен ойноп, 2:2 эсебинде тең чыккан.

Кыргыз футбол биримдиги курама команда 7 упай менен турнирдик жадыбалдын 1-катарынан орун алып, тарыхта биринчи жолу Азия кубогуна түз жолдомо алганын белгиледи. 

Булак: 7 канал