Бишкек, "САЯСАТ.KG". Кыргызстандык балбандар алты медал алды

Иорданиянын борбору Амман шаарында 25-30-март күндөрү өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар алты медал алды.

Эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев (70 килограмм) алтын, Орозобек Токтомамбетов (74 килограмм) күмүш тагынды. Кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы (76 килограмм) алтын, Калмира Билимбек кызы (62 килограмм) коло алды.

Грек-рим күрөшүнөн Раззак Бейшекеев (67 килограмм) күмүш, Ырыскелди Максатбек уулу (77 килограмм) коло медал тагынды.