Бишкек, “САЯСАТ.KG”. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен маалымдашты.

2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын үчүнчү баскычынын алкагында Кыргызстандын улуттук курама командасы 10-октябрда Катар менен (конокто), ошондой эле 15-октябрда өз оюн талаасында Түндүк Корея менен беттешет.

Жогоруда айтылган беттештерге даярдык көрүү максатында, Максим Лисицындын жетекчилиги алдында курама команда 3-октябрдан тартып Сауд Арабиянын Джидда шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт.

Даярдык аяктагандан кийин команда биринчи беттешке катышуу үчүн 8-октябрда Катарга бет алат.

Пландаштырылган окуу-машыгуу жыйынына чакырылган оюнчулардын курамы жакынкы маалда жарыяланат.