Бишкек, “Саясат.kg”. Бул жөнүндө Кыргыз футбол биримдиги кабарлады.
Бишкекте Долон Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо 25-сентябрдан 29-сентябрга чейин 2025-жылы өтө турган жаштар арасындагы (U-20) футбол боюнча Азия биринчилигинин тандоо оюндары болот.
Мирлан Эшенов жетектеген Кыргызстандын курама командасы «I» тайпасында Мьянма, Туркменистан жана Япония менен кез келет.
Жалпысынан тандоо турунда 45 команда катышып, алар 10 тайпага бөлүнгөн. Өз тайпасында 1-орунду камсыз кылган жана көрсөткүчтөрү мыкты 2-орундагы 6 команда финалдык баскычка чыгат.