Бишкек, "Саясат.kg". Дзюдо боюнча 37-Дүйнө чемпионаты 19-24-май күндөрү Абу-Даби шаарынын (БАЭ) “Мудабала Арена” спорттук залында өтөт.

Кыргыз Республикасынын дзюдо боюнча улуттук курама командасы Абу-Даби шаарында (Бириккен Араб Эмирлиги) өтө турчу эркектер жана кыз-келиндер арасындагы Дүйнө чемпионатына катышат.

Ага 109 өлкөдөн келген 675 спортчу (355 эркектер жана 320 кыз-келиндер) катышаары күтүлүүдө. Жалпы 15 медаль топтому ойнотулат.

Курама команданын тизмеси (эркектер): -Кубанычбек Айбек уулу (66 кг);

-Чыңгызхан Сагыналиев (73 кг);
-Асад Масабиров (81 кг);
-Эрлан Шеров (90 кг).

Кыз-келиндерден жалгыз Адина Көчкөнбаева (63 кг) өлкө намысын коргойт.

Белгилей кетсек, дзюдо боюнча 37-Дүйнө чемпионаты 19-24-май күндөрү Абу-Даби шаарынын (БАЭ) “Мудабала Арена” спорттук залында өтөт. Жалпы байге фонду 1 млн. (бир миллион) евро.