Бишкек, "Саясат.kg". Муз үстүндөгү 3-дивизионго 6 команда чыккан.
10-марттан тарта Бишкекте өткөн хоккей боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды. Муз үстүндөгү 3-дивизионго 6 команда чыккан.
" А" тайпасында Таиланд, Мексика, Люксембург, Түркмөнстан, Түштүк Африка жана Кыргызстан курамалары беттешкен. Биздин команда бир оюндан тышкары төрт беттеште жеңишке жетип, биринчи беттешинде Таиландга 4:9 эсебинде утулуп калган.
Тайланддын курама командасы 4 оюнда тең жеңишке жетишип, 12 упай топтогон. Муну менен мөөнөтүнөн мурда 1-орунга ээ болуп, кийинки жылы 2- дивизиондо ойноо мүмкүнчүлүгүн алды.
Бул жыйынтык Кыргызстан командага Дүйнө чемпиондугунун экинчи дивизионуна кирүүгө мүмкүндүк бербейт жана Таиланд курамасы мындай мүмкүнчүлүккө ээ болду, анткени жогорудагы дивизиондо А тайпасынын жеңүүчүсү гана ойноого укуктуу.
Ал эми Кыргызстандын курама командасы Түштүк Африканын командасы менен ойноп жеңишке жетип, 2-орунга ээ болуп, дивизиондун күмүш медалын алды.
А тайпасынын жыйынтыктоочу таблицасы - Кыргыз курама командасынын оюндарынын жыйынтыгы:
Кыргызстан - Таиланд 4:9;
Кыргызстан - Люксембург 7:3;
Кыргызстан Туркменистан7:5;
Кыргызстан - Мексика 9:4;
Кыргызстан - ЮАР 10:1.