Бишкек, "Саясат.kg". Курама команда машыктыруучу Нурсултан Аскарбековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Кыргызстандын күрөш боюнча кыздар курама командасы (U-15) Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында 2 күмүш жана 3 коло медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, 36 кг чейинки салмак категориясында катышкан Айдеми Асангазиева, 62 кг чейинки салмакта Аяна Асамаликова күмүш медаль алышты.

33 кг чейинки салмакта Асема Амангариева, 42 кг чейинки салмак категориясында Аяна Асылбекова жана 50 кг чейинки салмакта Асема Төрөгелдиева коло медалга ээ болушту.

Курама команда машыктыруучу Нурсултан Аскарбековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты. Командалык эсеп боюнча кыргызстандык спортчулар 3-орунду ээледи.