Хоккей боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы (U-20) Евразия Кубогунун жеңүүчүсү болду.

Бул тууралуу Түркиянын Спорт федерациясы Instagram баракчасына жазды.

Турнир 7-9-январь күндөрү Стамбул шаарында өткөн. Ага Кыргызстандын, Түркиянын, Босния-Герцеговинанын, Болгариянын командалары катышкан.

Кыргызстандын курама командасы бардык оюндарында жеңишке жетишкен. Экинчи орунду түрк хоккейчилери, үчүнчү орунду Болгария ээледи.

Булак: Маралфм