8-март күнү «Аялдардын шериктештик маршы» учурунда кармалган айымдарды колдоо максатында Бишкекте митинг өтөт.

Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүү болду.

Коронавирус жайылган мамлекеттерден келген жарандар изоляция эрежелерин бузган учурда 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Португалия лидери Марселу Ребелу ди Соуза коронавирус эпидемиясынын жайылышына байланыштуу бир катар иш-чараларын  токтотту.

ЖК депутаты аялдар - жумуртка ыргытып же билек күчүн сынап көрчү бута эмес экенин эске салды

Башкы прокуратура жарандардын митингдерди, жүрүштөрдү, башка иш-чараларды өткөрүшүн чектөө мыйзамга каршы келет жана райондук соттордун ага тиешелүү чечимдери жокко чыгарылышы керек деп эсептейт.

Бишкекте Жерүй маселесин талкуулаган жыйын өтүп жатат.

Жапонияда коронавируска байланыштуу карантинге алынган «Diamond Princess» саякат кемесиндеги кыргызстандык Бишкекке кайтып келди, ал дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды.

Дүйнө жүзүндө коронавируска кабылгандар 110 миңге чамалады.

6-мартта пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук салык башкармалыгынын бөлүм башчысы Н.Ш. жана инспектору С.Р. кармалды.

 

 Коронавирус Молдова өлкөсүнө да жетти.

Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы чыкты.

Акыркы сутка ичинде Италиянын аймагында коронавирус дартынан 133 адам каза болду.

Түркия президенти Тайип Эрдоган эгерде Орусия тарап менен сүйлөшүүдө жетишилген келишимдер сакталбаса, Сириянын Идлиб аймагында бир тараптуу аскердик аракеттерин улана берерин билдирди.

23 адам дайынсыз болууда.

Жалпы бул илдетке 108 446 киши чалдыккан, мунун ичинен 27 миңден ашууну Кытайдан башка мамлекеттерде катталды.

Айдоочулар мамлекет башчыга кайрылып, коронавирус күчөп жаткан өлкөдөн Түркмөнстан же Азербайжан аркылуу чыгарып кетүүгө көмөктөшүүсүн өтүнүүдө.

Казакстандын Алматы шаарында аялдардын укугун коргогон жарандар маршка чыгышты, деп маалымдайт «Tengrinews.kz» басылмасы.

Бишкектеги аялдар маршынын катышуучуларына карата чагымчыл иштерди уюштурган адамдардын өздүгү милиция кызматкерлери тарабынан аныкталып, милиция пунктуна жеткирилди.

Бүгүн, 9-мартта Кыргызстандагы бардык медициналык мекемелер иштебейт.