Бишкек, “Саясат.kg”. Шри-Ланкадагы түрмөдө чыккан башаламандык ондогон адамдардын өмүрүн алды

Шри-Ланкадагы түрмөлөрдүн биринде чыккан массалык башаламандыкта кеминде 25 адам каза болуп, дагы жүздөн ашуун киши жаракат алды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жаңжал абактагылардын ортосунда чыгып, кийин коопсуздук кызматкерлери кийлигишүүгө аргасыз болгон.

Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.