Бишкек, “Саясат.kg”. Индиянын Мумбай шаарында нөшөрлүү жаандан улам өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Индиянын каржы борбору саналган Мумбай шаарында катуу муссондук жаан-чачынга байланыштуу өзгөчө даярдык режими киргизилди.

Синоптиктердин маалыматына караганда, айрым райондордо сутка ичинде рекорддук көлөмдө жаан жаашы мүмкүн. Бир катар көчөлөрдү суу каптап, коомдук транспорттун кыймылы үзгүлтүккө учурады.

Шаар бийлиги тургундарды зарылчылык болбосо сыртка чыкпоого чакырып, куткаруу кызматтары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын билдирди.