Улуттук банктын маалыматына ылайык, жүгүртүүдөгү акча 106 миллиард 244,8 миллион сом болсо, акча базасы 118 миллиард 65,4 миллион сомду түзгөн.

Окумуштуулардын иликтөөсүнө караганда, көп жыл жалгыз жашап, кийин карылар үйүнө түшкөн адамдардын арасында ден соолугу жабыркагандар көп экени аныкталган.

"Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду мындай кечелерди төрт жылдан бери өткөрүп келет жана бул кезектеги отуз тогузунчу иш-чара экени айтылды.

Асановдун жубайы мурда-кийин ээлик кылган компаниялар текшерилип, эки-үч жолу Аскер прокуратурасына сурак берип чыккан.

Буга чейин наристенин энеси ким экени аныкталган. Ал Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын 1992-жылкы тургуну болуп чыгып, издөө жарыяланган.

Chyndyk.kg сайтынын редактору, журналист Турсунбек Бейшенбеков 20-январда Аскер прокуратурасына сурак бергени чакырылып, андан ары убактылуу 48 саатка камоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу анын адвокаты Чынара Жакупбекова билдирди.

Азыр борбор калаанын карызы — 1,6 миллиард сом. Бул сумма автобус жана троллейбус сатып алуу максатында алынган кредиттин негизинде түзүлгөн.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Азаттык» радиосуна, кабарчы Али Токтакуновго, «Kloop.kg» жана «24.kg» сайттарына каршы жазган доо арызы боюнча соттук иш 29-январга жылдырылды.

Былтыр биометрикалык паспортторду даярдоодо бланктарды сатып алуудагы тендердеги коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Алай районунун Сары-Могол айлына Памирден көчүрүлүп келген кыргыздар үч класска бөлүнүп, окуп жатышат. 7-17 жаш, 17-45 жаш курагындагылар жана аялдар үчүн өзүнчө класс ачылган.

 

Видеотасма

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков соттордун өз алдынчалыгына ишенбегендиктен мындан аркы сот жараяндарына катышпай турганын билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Коррупция» беренеси менен шек саналып жаткан Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрайымы Алина Шаикова эл аралык издөөдө экенин кабарлады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда коррупция менен күрөш бийликтин артыкчылыктуу багыты болорун айтты.

20-январда президент Сооронбай Жээнбеков бир катар коомдук ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Иш-чара «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болду.

Сынакка катышууну каалаган кыргызстандыктар даяр видеоролигин 2020-жылдын 10-мартына чейин жөнөтө алышат.

Бүгүн, дүйшөмбүдө, оору боюнча дагы жаңы маалыматтар тарады.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) ИИМдин мурдагы кызматкерин акча алып жаткан жеринен кармады.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, республиканын сырткы карызы кыскарып, ички карызы сезилерлик өскөн.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, дагы жети адам түрдүү жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Өзбекстанда жаңы түптөлө турган авиакомпания «Humo Air» деп аталмакчы.

Подкатегории