Печать
Общество
Просмотров: 145

Сот бул арызды негизсиз деп тапты.

Эске салсак, мурдагы жумада Артур Цветков Ассоль Молдокматовадан моралдык чыгым катары 1 миллион доллар талап кылып жатканы тууралуу видео кайрылуу жасаган. Видеодо орусиялык шоумен Ассоль Молдокматова аны нацист деп атаганы үчүн моралдык компенсация талап кылып жатканын айткан. Учурда Ассоль Молдокматованы колдогон адамдардан дагы деле видео кайрылуулар тынбай келип жатат. Арасынан Юрий Назаров, Николай Горшков, Стач Курач, Сергей Пускепалис сыяктуу Орусиянын легендарлуу жана эмгек сиңирген артисттери дагы Ассолду колдоп видео кайрылуу жөнөтүшкөн», — дейт Молдокматованын өкүлү.

16-сентябрда Артур Цветков жактоочусу менен бирге кайрадан видео кайрылуу жасап, Ассоль Молдокматованын үстүнөн сотко кайрылганын билдирген. Август айында Артур Цветков Москва шаарындагы тез тамактануучу жайлардын биринде иштеген Кыргыз жараны менен чырдаша кеткени маалымдалган. Окуянын видеосу жарыяланып, ал социалдык тармактын колдонуучулары арасында кызуу талкуу жараткан.

Булак: Элгезит