Печать
Категория: Кыргыз тилинде
Бишкек, "Саясат.kg". Узун сакал коюу, паранжа жамынуу маселеси тууралуу белгилүү журналист. коомдук ишмер Дүйшөн Керимов менен маек. — Дүйшөн агай, биздин өлкөдө диний агымдар көбөйүп, жаштар масштабдуу түрдө хиджап кие баштады. Кала берсе, мектепке чейин жетти. Муну диний экстремизм менен байланыштырууга болобу? Бул улуттун коопсуздугуна доо кетирбейби?

— Диний агымдар бизде кеңири орун-очок алып алган. Эгемендик алгандагы алгачкы президент Аскар Акаев ашыкча демократ көрүнүп, “Кыргызстан общий дом” деген, ачык эшик саясатынын негизинде тез эле Швейцария болууну каалап, коомдо стратегиялык жактан да көзөмөл болгон эмес. “Биз демократиялык ачык коомдо жашайбыз” деген, Акаевдик делбиреген ачык саясаттан пайдаланып, мусулманчылык эле эмес, мусулманчылыкты бетине туткан же жеке кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн миңден ашык агымдар өздөрүнүн ишмердүүлүгүн кенен жүргүзүү максатында юридикалык каттоодон өтүп кеткенге жетишкен. Дүйнөдө баш көтөргөн акчалуу миңден ашык секталардын кандай агым болгондугуна карабай баары бизге кирген. Дагы кудая шүгүр жок болуп кетпей жашап келе жатканыбызга, буга мен чындап эле таң калам.

 

Кыргыз эли сан кылымдык көчмөн турмушунда ошол эле Куранда жана хадистерде айтылгандай ак жүр, так жүр, калп сүйлөбө, ууру кылба, ушак айтпа дегендей калыс, акыйкаттыкты талап кылган принциптерди карманып келген. Бул Ислам дининде гана гана эмес, христиан, буддизм жана башка диндерде да ушундай принциптер бар. Дегеле диний идеялардын айрым көз карашы башка болгон менен, түпкү мааниси окшош.

Көз карашы башка болгон дегенимдин себеби, Мухаммед пайгамбарды да тааныбаган, танган мусулманчылыктын агымдары бар. Муну көпчүлүк биле бербегенден улам бизди диний сабатсыздык ээрчиди. Биз чындыгында диний жактан сабатсыз болгонбуз. Атеист болуп жүрүп эле мусулманчылыкка өтүп кеттик, Салижан аке Жигитовдун тили менен айтканда “Көп коён уулаган аңчыдай” болуп калдык. Ким акча берип динге үндөсө, ошону ээрчип кеттик. Бул китеп окубагандыгыбыз эле эмес, ар кандай маалыматтарга аналитикалык ой жүгүртө албагандыгыбыздын да кесепети. Мындайча айтканда ээрчимелигибиз.

Бул Акаевдин, балким өзү да анча таназар албаган 15 жылдык талкалоо саясатынын идеясы десек да болот. Чындыгында Акаевдин бийлиги учурунда экономика кандай талкаланса, элге билим берүү дагы, маданият да ошондой эле талкаланган. Ошонун баары бүгүнкү ыйлай турган ахыбалга алып келип такады да…

— Демек, кээ бир аялдарды хиджапты эмне үчүн кийгендигин да түшүнбөйт десек болот турбайбы…

— Хиджап – маска. Баары дебейин, бирок көпчүлүгү түшүнбөйт.
Ислам дининин негиздерин сурасаң эки ооз сөз менен да жооп бере албагандар бар. Окуган да эмес. Алар Куран эмес, Аль Бухаранын кезинде пайгамбардын сахабаларынын оозунан угуп жазгандарын да окуган эмес. Аль Бухаранын эмгектери бүт кыргызча которулган. Тилекке каршы, азыркы хиджап кийген келин-кыздардын көпчүлүгү 5 маал намаз окуган менен, диний сабаттуулугу жоюлган жок. Диний жана жалпы сабатсыздыктан бизде анархиялык коом пайда болду. Күлкүң келет, баасы асман чапчыган жолтандабастарды жалаң чырайлуу кыздар айдап жүрөт. Салынганы хиджап. Чеккени тамеки. Өзүнчө эле асмандайт. Маселен мындай кымбат машиналарды, кийимди алардын ата-энелери эле сатып бериши күмөн.

— Азыр теңирчи, арапкул деген түшүнүктөгү көз караштар пайда болду. Негизи, Теңирчилик деген дин барбы?

— Теңирчи деген дин болгон эмес, ишеним болгон. Башкача айтканда, Кудайга ортомчусуз түз ишеними менен Теңирге же Улуу Жаратканга ишеним болгон жана ишенип келгенбиз. Мисалы, кыргыз лексиконунда Кудай, Жараткан, Алла Таала, Теңир деген аталыштар эл арасында илгери эле кеңири таралган. Аллах, деген сөз акыркы он, он беш жыл аралыгында эле айтыла баштады. Бирок, ушул жерде баса белгилей кетүүчү жагдай, Куранда жана хадистерде айтылгандай Кудайдын токсон тогуз аталышы бар экендиги айтылат. Ушул сыяктуу эле кыргыз тилинде да Кудайдын – Кудай деген энчилүү атынан тышкары аталыштары бар.

Анан азыркы “Арапкул”, “Теңирчи” деген жаатташуу менен пикир келишпестиктин негизи да диний сабатсыздыкка келип такалат.

Диний сабатсыздык — улут үчүн коркунучтуу. Бул жерде мамлекеттүүлүгүбүздүн кооптуулугу пайда болуп жатат. Эртең “Аллоху акбар” десе, көздөрү таңылуу бойдон шилтеген жакка кете берише тургандар бар. Ошондуктан мамлекет тез аранын ичинде бул ишти колго алышы керек.

— Бирок, мамлекет буга көңүл бурбай жатпайбы? Кала берсе азыр окуучулар мектепке хиджап кийип барып жатышат…

— Хиджап мектеп формасынын бир бөлүгүнө айланышы ойлонто турган маселе. Муну Билим берүү жана илим министрлиги токтото албайт. Буга Президенттин түздөн-түз кийлигишүүсү керек. Мына, Өзбекстан азыр хиджап, сакал маселесин ооздуктады. Президент Шавкат Мирзиёев өзү киришип, эркектердин сакалдарын алдырды. Болбосо өзбек туугандар бизге караганда динге эки эсе күчтүү берилген эл. Тажиктерди Рахмон Эмомали тартипке келтирип койду. Бизде деле бул ишке Президент өзү киришип, мамлекеттик деңгээлде кандайдыр бир кадамдарга барыш керек го…

— Идеологиянын негизинде барышыбыз керекпи?

— Иделогия дегенди илгеркидей кагазга жазып алып, түшүндүрүү деп, ойлогондор бар. Идеологиялык күрөш кагаз жүзүндө ишке ашпайт. Мисалы, каада-салт, нарк-насил боюнча Президенттин указы чыкты. Аны туура багыттагы программанын негизинде жер-жерлерде таасирдүү иш чараларды уюштуруу аркылуу да ишке ашырса болот. Кала берсе, маарекелердин, той-аштардын маңызын да улуттук идеологияга айкалыштыруу керек.

— Негизи мамлекеттик иштерге диний өкүлдөр аралашпайт деген саясат бар. Бирок, казино маселеси көтөрүлүп жатканда дин өкүлдөрү ачык колдоого алышпаганы менен көмүскө макулдугун берип, кала берсе Жогорку Кеңешке чейин барып, астырттан колдоп, орчундуу катачылыктарга жол берип койгондугун коомчулук билет да…

— Дин- мамлекеттен тыш деп койгон менен дин алып жүрүүчүлөр Кыргызстандын жарандары. Ошол муфтийден тартып , намазга жыгылгандардын баары Кыргызстандын жарандары.

Ооба, биздин өлкөнүн экономикалык абалын эске алып казино ачууга уруксат берилгенде одоно катачылыктарга жол берилди. Бул жерде мамлекеттик саясат багытынан же ошол эле диний шарияттын негизинде алып караганда да катачылыктар бар. Муну биз моюнга алышыбыз керек. Эми бизге бул катачылыктын зыяны тийбеш үчүн улуттук идеологиянын концепциясын карап чыгып, жанагы курултайчылар ушул маселени кайрадан тескөөгө алып, иштеп чыгышса болор эле. Ошону менен дин маселесине өтө аярлуу мамиле жасоо аркылуу ошол эле учурда динди тазалаш керек.

Биз мусулманчылыкта Ханафий масхабын карманып келебиз. Албетте, дин өкүлдөрү коомчулукка эмнени окутуп жатат, эмнени үйрөтүп жатат деген суроолорго да жооп алышы керек да. Бул багытта мамлекет муфтий менен биргеликте айрым дин укуктарды тактоо керек. Мамлекет динди таптакыр эле ээн таштап койбой, аны тескөөгө алып, көзөмөл кылганы оң. Керек учурда бюджеттен болсо да колдоо көрсөтүп, кайсы бир багытта улуттун кызыкчылыгын алдыга коюу үчүн дин өкүлдөрү менен кызматташууга барганы туура болот. Себеби, дин өкүлдөрү да мамлекеттин жарандары.

Маектешкен Турдайым Кожомбердиева.