Өткөн жумада Жогорку Кеңештин депутаттары экс-президенттердин кол тийбестигин алуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышты.

18-декабрда Чолпон-Ата шаарына чогулган элүүдөн ашык жол куруучулары дагы эле август айынан берки маянасын ала албай жатканын жергиликтүү бийликтегилерге айтып, нааразы болушту.

Ферганалык Дилшод Мадрахимов 10-класста окуган уулу Миржамол Закировду аскерге даярдык сабагынын мугалими сабап өлтүргөнүн билдирди. Маркумдун классташтары Закиров мектепте ур-токмокко алынганын тастыкташты.

«Фейсбук» баракчасынын активдүү колдонуучусу Абдраим Мамасадыков өзүнүн баракчасында Атамбаев тууралуу ой-пикир жазып чыкты:

Экс-генпрокурор Азимбек Бекназаров экс-президенттин жергиликтүү телеканалга берген маегинен анын психикалык жактан оорусу бар деп эсептейт.

Азыр мен Атамбаев 2010-жылга чейин кандай костюм кийип жүргөнүн, 2010-жылдан кийин кандай костюм кийип калганын, президент болгонго чейин кандай үйдө жашаганын, президент болгондон кийин кандай үйлөрдү салганын, кандай саат тагынып, кандай машинада жүрүп калганын баарын иликтеп койдум...

Ал эми Жогорку соттун төрагасынын орун басары Каныбек Бокоев айрым ири райондорго бир штаттын жетишсиздигин, ошого карабастан тергөө судьялыгына талапкерлер даярдалып, атайын окуулардан өткөрүлүп жатынын белгиледи.

“Чыңгыз Айтматовдун айкелин үчүнчү жолу жасадым. Бул мен үчүн чоң сыймык”, -  дейт Москва шаарында улуу калемгердин айкелин жасаган скульптор Азамат Абдрахманов.

2018-жылдын башынан бери дүйнөдө кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу 80ден кем эмес журналист өлтүрүлгөн. Тизмени эл аралык “Чек арасыз кабарчылар” уюму жарыялады.

Кыргыз мигранттын тагдырын сүрөттөгөн "Айка" көркөм фильми "Оскар" сыйлыгынын кыска тизмесине кирди. "Чет тилдеги мыкты тасма" категориясында "Айканы" кошкондо тогуз фильм бар.

 

Видеотасма

Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облус жетекчилеринин кеңешинин экинчи жыйынынын алкагында Ош шаарында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстан өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен жолугушту.

Өзбекстан Орусиядан акча которуу көлөмү боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунда турат. Бул тууралуу Орусиянын Борбордук банкы билдирди.

Казакстандын Жамбыл облусундагы Кордай районунда эки жаңы чек ара бекети ачылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчысы болуп шайлангандан бери биринчи жолу журналисттер үчүн басма сөз жыйынын өткөрүп, жыл жыйынтыгын чыгарат.

Эл аралык International Alert уюмунун Тажикстанда жүргүзгөн иликтөөсүнө караганда, эркектердин көбү аялдарын уруп-согуп, талак менен коркутуп “тарбиялаганды” жактайт.

АКШнын президенти Дональд Трамп түркиялык кесиптеши Режеп Тайып Эрдоганга диниятчы Фетхуллах Гүлен менен анын бир нече тарапташын өткөрүп берүү боюнча кадамдар жасалып жаткандыгын айткан.

Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушуу үчүн 18-декабрда Ош шаарына келет.

Бишкек, "Саясат. kg". Депутат Кенжебек Бокоев Жогорку Кеңештин 50%дык иши мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдөө болушу керектигинен улам, аталган мыйзамдын аткарылышы парламенттик угуу аркылуу талкууга коюлуп жаткандыгына токтолду.

Бишкек, "Саясат. kg". Текшерүү жүргүзүүдө белгилүү болгондой, мурда жабырлануучу менен С.М. аттуунун ортосунда бизнести чогуу иштетүүгө байланышкан макулдашуу түзүшкөндүгү аныкталган.

Бишкек, "Саясат. kg".  Жыйында Мамлекет башчысы сөз сүйлөдү.

Подкатегории