Англиянын "Манчестер Сити" клубу Европадагы эң беделдүү мелдештерден Чемпиондор Лигасы жана Европа Лигасынан эки жылга четтетилип, 30 миллион евро айып пул төлөйт. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Коронавирустан каза болгондордун саны 1 миң 525ке жетти. Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы коронавирустан жабыркагандар тууралуу маалымат таратты.
Лейлек районунун Катыраң айылдык кеңешинин депутаты, «Чек ара» коомдук бирикмесинин төрагасы Сапарали Бөрүбаевдин камалышын бирикменин мүчөлөрү анын ишмердүүлүгү менен байланыштырып жатышат.
Экс-депутат Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаевдин камакта кармалуу мөөнөтү узартылды.
Бүгүн, 14-февралда Бишкек шаардык сотунда белгиленген баш калаанын мурунку мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун апелляциялык даттануусу боюнча отурум башка күнгө жылдырылды.
Ош шаардык салык кызматынын башчысы Эрмек Чоюнов ээлеген кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад шаардык салык кызматын жетектей турган болду.
Коронавирустун жаңы түрүн (2019-nCoV) жердин калкынын үчтөн эки бөлүгү жуктуруп алышы мүмкүн.
Индиянын Анхра-Прадеш штатынын 50 жаштагы тургуну коронавирусту үй-бүлөөсүнө жуктуруп албоо үчүн өз өмүрүнө кол салды.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Люксембургдун тышкы жана европа иштери боюнча министринин чакыруусу менен алгачкы ирет Люксембурга иш сапары менен барды.
Кытайдан башка өлкөлөрдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 500дөн ашты.
14-15-февралда Украина президенти Владимир Зеленский коопсуздук боюнча 56-ирет өтүп жаткан Мюнхен конференциясына катышуу үчүн Германияга иш сапарын жасайт.
Коронавирус Улуу Британиянын өз-өзүнчө курам болуп бөлүнүүсүнө алып келиши мүмкүн.
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова президенттик шайлоодон кийинки эки жыл аралыгында шайлоочулардын тизмеси 300 миң адамга өскөнүн айтты.
UFC уюму буга чейин UFC 247 турнирине катышкан бардык мушкерлерди убактылуу мушташтан четтеткен.