Бишкек, "Саясат. kg". Мыйзам мындай учурда эмне дейт?
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди ИИМ эки жолу суракка чакырды. Бирок, мурдагы президент баруудан баш тартты.
"Мен суракка барбайм. Биринчи Кыргызстандан укуктук талаага түшүшү керек. Бирок, мага күч колдонулушу да мүмкүн", - деп мурдагы президент эмнеге суракка баруудан баш тартканын чечмеледи.
Мындай учурда мыйзам чегинде кандай аракеттер жасалат? Мурдагы президенттин ИИМдин чакыруусуна тоготпостук мамиле жасаганына кандай жооп болушу ыктымал?
Юридикалык илимдердин доктору Кайрат Осмоналиевдун бул жааттагы пикири орус элинин "Если гора не идет к Магомету, то Магомет идет к горе" деген кебин эске салат. Анын айтымында, укук коргоо кызматтары кырдаалды ансайын курчутуп Атамбаевди суракка чакыра бербеш керек.
"Кырдаалды трагедияга айлантып кереги жок. Кандай болсо да Атамбаев өлкөнү башкарды, мамлекеттин жетекчилигинде турду. Ошондуктан, ал кишиге урмат-сый кармашыбыз керек. Бирок, анын Кой-Ташка тарапташтарын чогултуп алганы жакшы болбой калды. Анткени, эгер мурдагы президентти суракка мажбурлап алып келишсе, ал жердеги тарапташтары да чогуу келишет. Бул болсо башаламандыкты жаратышы мүмкүн. Мажбурлагандан башка да мыйзамда жол бар. Ал - күбө турган жерге барып суракка алуу. Укуктук практикада бул нерсе бар. Жарандын тергөөчүгө келүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, анда тергөөчү өзү барат. Азыркы кырдаалда да тергөөчү Кой-Ташка барып, суроолоруна жооп алса болот", - деди Кайрат Осмоналиев.
Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев мурдагы президентти суракка алуу мыйзамсыз экенин айтып чыкты. Ал чечмелегендей, мурдагы президенттин иммунитети бар, мамлекеттик кайтарууда. Ошондуктан, эгер мажбурлап суракка алып барышса, мыйзам бузуу болуп эсептелинет.
Парламент июнь айында мурдагы президентти кол тийбестик макамынан ажыраткан. Атамбаев Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ачылган кылмыш ишинде күбө катары чакырылганы айтылууда. Ал эми адвокат парламенттин чечимин мыйзамсыз деп атап жатат.