Бишкек, “Саясат. kg”.  АКШнын Мамдепартаменти Кыргызстандагы жарандарына кайрылуу жолдоду. Анда, аларга Кой-Таш айылына барбоону эскерткен.

 

“Жергиликтүү басылмаларда Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин үйүндө көп сандагы адамдар топтолуп жатканы жазылууда. Кыргызстандын парламентинде өткөн жумада мурдагы президенттин кол тийбестbги алынып, ага айып тагуу мүмкүнчүлүгү жаралды. Бул Кой-Таш аймагындагы жарандардын нааразычылыгын тутандырышы мүмкүн”, - деп жазылган кайрылууда.

 

Ошондой эле департамент Кыргызстандагы АКШ жарандарын Кой-Таш айылына барбоо, эл көп чогулган жерлерден оолак болуу, жергиликтүү басылмаларды окуп, окуялардан кабардар болуп турууну үндөдү.