Бишкек, "Саясат. kg". Депутаттык комиссия Батукаев маселесине да кайрылды.
Бүгүн экс-президент Атамбаевдин кол тийбестик статусун алуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны болууда. Анда мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн эрте бошотулушу тууралуу маселе да каралды.
Депутаттык комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев: "Алмазбек Атамбаевдин бул ишке тиешеси бар бекен? Ишти териштирүү кайсы стадияга келди?" - деген суроону ИИМдин өкүлүнө узатты.
"Иш иликтенип жатат. Экс-вице-премьер-министр Шамиль Атахановдун Батукаевди чыгарууга Атамбаев буйрук берген деген көрсөтмөсү териштирилип жатат", - деди ИИМ өкүлү Мырзалы Жумабаев.
Эске салсак, 8-июндагы митингде Атамбаев парламенттин дарегине ачуу сын айткан. Ал турмак "чимкирик парламент" деген да ат койгон. Мындан улам нааразы болгон депутаттар анын кол тийбестик макамын алууга камылга көрүшүп, депутаттык комиссия түзүшкөн. Кол тийбестик 80 депутат макул болгон учурда гана алынат.
Шамиль Атаханов Батукаевдин бошотулушу боюнча кылмыш ишинин алкагында камакка алынган. Бирок, тергөөгө жардам берүү ниетин билдиргенден кийин үй камагына чыгарылган.