Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 364

Бишкек, "Саясат. kg". Спорт дүйнөсүндө

13-18-апрелде Казакстандын Алматы шаарында өткөн Азия чемпионатында аялдар күрөшү боюнча Мээрим Жуманазарова алтын медаль тагынды. Андан тышкары, ушул жылдын август айында Токио шаарында өтө турган Олимпиадага жолдомого ээ болду. Мээрим Жуманазарова 21 жашта. 12 жашында спортко келген. 68 кг салмактагы категорияда таймашка катышат. Кенже спортчулар арасында Азиянын үч жолку (2017, 2018, 2019) чемпиону.

- Азия чемпионатында сыйлык тапшыруу учурунда, гимн жаңырган маалда көзүңүздөн жаш чыкты. Мекениңиздин атын чыгарганыңызга толкундандыңызбы?

- Мен Казакстанга бараарда биринчи кезекте Олимпиадага жолдомо алууга умтулдум, башкы максатым ушул болду. Чынында, Азия чемпионатында жеңишке жетишүү тууралуу ойлонбоптурмун. Лицензия утуп алып кубанып жатканымда алтын медалга ээ болуп, эки эсе толкундандым. Кыргызстандын гимни жаңырып жатканда көзүмдөн жаш чыгып кеткенинин себеби ушул – мен күткөн жана күтпөгөн ийгиликтердин таасири. Кыргыз элимди, ата-энемди кубантканыма толкундандым.

- Кыска убакытта эки мелдешке катыштыңыз, бул оор болгон жокпу?

- Бир аз кыйын болду. Бирок спорт оңой эмес, түйшүгүн чыдап көтөрө билүү керек. Спортто жүргөнүмө тогуз жыл болду. Ар түрдүү кыйынчылык коштойт, ийгилик чоң эмгек менен жаралат.

 - Улуулар арасында биринчи жолу алтын медаль алдыңыз, буга чейин эки жолу күмүш медалга ээ болгонсуз. Кандай сезимдер болуп жатат?

- Кубанып жатам. Анткени, 2019-жылы Нурсултан шаарында өткөн таймашка колумдан жаракат алгандыктан бара албай калгам. Олимпиадага жолдомо алууну абдан каалагандыктан, бул мен үчүн оор болду. Жаракатымдан улам бир жыл таймаштарга катышпадым. Азыр күлүп  калышат: “Сенин үнүң Кудайга жетти окшойт”,- деп. Пандемиядан улам Олимпиада бир жылга артка сүрүлбөдүбү.

- Азия чемпионатына кандай даярдык менен бардыңыздар? Атаандаштарыңыз ким болоорун билдиңиз беле?

- Ооба, биз кайсы спортчу кандай ийгиликтерге жетишкен, баарын билчүбүз. Кытайдан келген атаандашыма даярдангам. Бирок отуз секунд калганда чабуулга эмес, коргонууга өтүп кетип, упайым азайып, утулуп калдым. Бирок Кудай буйруса, Олимпиадада жакшы жыйынтыкка жетишебиз деп үмүт кылуудабыз.

- Спортко келип, алгач машыга баштаганыңызда эле Олимпиадага катышууну максат кылдыңыз беле?

- Кичинемде менде “кимдир бирөөдөн утулуп калам”- деген ой жок болчу. “Бардык нерсени кыла алам, колумдан келет”- деген өзүмө болгон ишеним күчтүү эле. Өзүмчө кыялданып, чемпион болгонумду, кыйынчылыктарды жеңгенимди элестете берчүмүн. “Жаштын тилегин берет” деп коет эмеспи, азыр ошондогу элестеткендеримди Кудай берип жатканын көрүп тообо келтирип, шүгүр кылам.

- Башка өлкөлөрдүн атынан таймашка катышууга сунуш түшсө макул болосузбу?

- Андай сунуш түшкөн эмес. Түшкөн учурда да баш тартмакмын. Мекенимди сатпайм.

- Жашоодо мүнөзүңүз кандай? Катаалсызбы?

- Жок, тескерисинче, мени билгендер назиксиң дешет.

- Эмнеге күрөштү тандап алгансыз?

- Мен спортчулардын үй-бүлөсүндө төрөлүп-өскөм. Атам Кыргызстандын Эмгек сиңирген машыктыруучусу, агаларым күрөш менен машыкчу. Анын үстүнө үйгө жакын жерде бир гана күрөш секциясы бар болчу.

- Кайсы спортчудан таасирленесиз?

- Япониянын төрт жолку олимпиада чемпиону, дүйнөнүн он жолку чемпиону болгон спортчусу Каори Итени кумир тутам.

- Спорт жаракатсыз болбойт эмеспи. Ата-энеңиз дайыма тынчсызданса керек?

- Албетте. Бирок ошол эле убакта моралдык жактан колдоп турушат. Атам дайыма кеңешин аябайт. Чет өлкөлүк турнирлерге кетип баратканда жылуу сөзүн айтып, кубаттандырат.

Арина Рысбаева, Булак: "Майдан. kg" гезити