«Ар бир беттеш, ар бир машыгуу лагери апамдын өмүрүнүн бир нече күнүн алууда.

UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону, оруссиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов карьерасын жыйынтыктоо чечимин кабыл алуу ага кыйын болгонун моюнга алды, бирок ал муну энеси үчүн жасаганын билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

«Ар бир беттеш, ар бир машыгуу лагери апамдын өмүрүнүн бир нече күнүн алууда. Ошондо мен эмне кылышым керек? Бул спортко өзүмдүн ким экенимди көрсөтүп, мыкты болуу үчүн келдим, дүйнө чемпиону, мыкты мушкер болдум», — деген Нурмагомедов.

Мушкер бул жашоодо өз максатына жеткенин жана акча үчүн күрөшкө убакыт бөлгүсү келбегенин айткан. Нурмагомедов анын чечимин эл өзү түшүнөт деп үмүттөнөт, бирок өзү аны кыйынчылык менен кабыл алгандыгын билдирген.

Булак: Маралфм