Айсулуу Тыныбекова 2020-жылдагы Дүйнөлүк Кубоктун мыкты спортчусу деп табылды

Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова 12-19-декабрь күндөрү Сербияда өткөн эркин күрөш боюнча 2020-жылдагы Дүйнөлүк Кубоктун мыкты спортчусу деп табылды.

Ал эркин күрөш боюнча мелдеште 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.

Сербияда Тыныбекова 4 мушташ өткөрүп, баардыгын мөөнөтүнөн мурда жалпы 47: 2 эсебинде жеңип алган.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча, кыргызстандык аял аялдар арасында эркин күрөш боюнча мыкты спортчу деп табылды.

Булак: media-center.kg