Бишкек, "Саясат. kg". Футболчу спорттук карьерасындагы 700-голун киргизди.
Португалиялык футболист Криштиану Роналду карьерасындагы 700-голун киргизди. Бул тууралуу россиялык басылмалар жазып чыгышты.
Андагы маалыматта айтылгандай 700-гол 2020-жылы өтө турган футбол боюнча Европа биринчилигинин алкагындагы беттеште болгон.
Эске салсак Португалия менен Украинаны командалары бүгүн, 15-октябрда беттешти. Жыйынтыгында оюнда Украина 2:1 эсебинде жеңүүү болду. Ал эми Роналдунун голу оюндун 72-мүнөтүндө киргизилди.