LIVE. FIFA World Cup 2026. Оюндар, турнирдик жадыбал, кызыктар...
Түштүк Корея - Чехия 2:1
Голдор: Ин Бом – 67', О Хен Кю – 80' - Ладислав Крейчи 59'
Мексиканын Гвадалахара шаарындагы стадиондо өткөн бул таймаш негизинен кореялык футболчулардын курч чабуулдары менен эсте калды. Бирок, оюндун эсебин чехиялыктар ачты. 59-мүнөттө ауттан ыргытылган топко баарынын биринчи Ладислав Крейчи секирип жетип, башы менен дарбазаны көздөй таамай сүздү.
Бул гол ансыз деле бир нече мүмкүнчүлүктөрдү кетирип жиберген кореялыктардын ачуусун келтирди. Гол киргизип алгандан 8 минут өтпөй, Хван Ин Бом коргонуу чебинен жиберилген пасты чеберчилик менен тосуп алып, дарбазачыны жалган финт менен четке чыгарып, бош дарбазага топту кереметтүү траектория менен жиберди. 1:1!
Оюндун 80-мүнөтүндө О Хён Кю оң капталдан чыгарылган топко бутун тосууга үлгүргөн. Топ дарбазачынын колунан кыйгап өтүп, гол жаралды. 2:1!
Анын алдында чехиялык голеадор Томаш Соучек айып топту ойногондон соң башы менен гол киргизген, бирок офсайдка түшүп калгандыктан, ал гол эсепке алынган жок.
Түштүк Корея менен Мексикада 3төн упай, алар А тайпасын ишенимдүү жетектеп башташты.
2-турда кореялыктар Мексикага каршы, чехтер Түштүк Африка курама командасы менен таймашат.
Мексика - Түштүк Африка 2:0
Голдор: Киньонес – 9', Хименес – 67'
Кызыл карточка алгандар: Монтес – 90+2' / Ситхоле – 49', Зване – 84'
Мундиалды тосуп алуучу мамлекеттердин бири жана талаа ээлери - мексикалыктар ышкырык жаңырары менен бүт күчүн чабуулга жумшашты. Анын жыйынтыгында, 9-минутта мексикалык жарым коргоочу Киньонес топту дарбазачанын ачасынан айдап киргизди. 1:0!
Андан кийин да оюн нугу өзгөргөн жок. Мексикалыктар чабуул артынан чабуулун жасап, африкалыктарды жүдөттү. 49-минутада мексикалык чабуулчу Гутьерес дарбазага карай жалгыз чуркап чыгып баратканада, африкалык коргоочу Ситхоле буттан чаап кулатып, кызыл карточка алды да, эс алганы кетти. 67-минутада Мексиканын башкы ветеран оюнчусу, 35 жаштагы Рауль Хименес гол жаратты. 2:0!
80-минутада африкалыктаржа 9 оюнчу калды, коргоодогу Званеге кызыл жарык жанды. А оюн аягында мексикалык футболчу Монтес африкалыктарды чабуулунун жолун бууйм деп оюндан четтетилди.
2:0. Талаа ээлеринин ишенимдүү жеңиши.