Бишкек, "Саясат.kg". Мелдештер Бишкек убактысы боюнча 19:00дө башталат.
Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында бүгүн, 5-августта спорттук күрөш боюнча мелдештер башталат.
Турнирдин биринчи күнүндө 60 кг, 68 кг жана 130 кг салмак категориясына чейинки грек-рим, эркин күрөш боюнча финалисттер аныкталат.
Бүгүн кыргызстандык спортчулар Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарованын таймашка чыгууга кезектери келди.
Маалым болгондой, Жоламан Шаршенбеков казакстандык спортчу Айдос Султангали менен күч сынашат. Мээрим Жуманазарова болсо Монголиядан келген Делгермаа Энхсайхан менен таймашат.
Мелдештер Бишкек убактысы боюнча 19:00дө, жарым финал болсо, 01:00дө өтөт. Жубатуучу беттештер жана медаль үчүн беттештер эртең, 6-августта болот.