Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 224

Бишкек, "Саясат.kg". Чемпионат 31-январга чейин өтөт.

 Бүгүн, 27-январда Ташкентте кыздар арасында футзал боюнча Борбор Азия чемпионаты старт алганын Кыргызстандын Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, чемпионат 31-январга чейин өтөт. Ага Кыргызстан, Иран, Тажикстан жана Өзбекстандын курамалары катышат.

Кыргызстандын курамасы бүгүн Ирандын командасы менен “Юнусабад” спорт комплексине беттеш өткөрөт.