Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 210

Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев «UFC» мушташ уюмунун рейтингинде 11-орунга көтөрүлдү.

Физиев 5-декабрда жаңы зеландиялык Брэд Ридделл менен беттешкен. 3-раундда Физиев атаандашынын башына буту менен айланып тепкен жана калыс беттешти токтотууга мажбур болгон.

Муну менен Физиев «UFC'деги» биринчи беттешинде жеңилип калгандан кийин 5 ирет катары менен жеңишке ээ болду.

Буга чейин Физиев «UFC'нин» рейтингинде 14-орунда болчу.

Булак: Баракелде