Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 725

Бишкек, "Саясат. kg". Жеңишке жетишкениме абдан бактылуумун.

 Норвегиянын борбор калаасы Осло шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионаттыгында айымдар күрөшү боюнча 68 килограмм салмак категориясында кыргыз спортчусу Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпиону аталды. Бул кубанычтуу кабарды жалпы кыргыз эли толкундануу менен кабыл алды. Жогорку наам тапшырылгандан кийин Мээрим Жуманазарова чет өлкөлүк басылмага маек берди.

- Кыргызстандын атынан дүйнө чемпиондугун алдың. Кандай сезимдер болуп жатат, дүйнө чемпиону болуу кандай экен?

- Кандай экенин билбейм. Бирок бул жеңишке жетишкениме абдан бактылуумун.

- Япон спортчусун таза жеңип алдыңыз. Япониянын спортчулары абдан күчтүү атаандаш экени маалым, күрөшүү оор болдубу?

- Мен  Рин Мияджи менен бул ирет килем үстүндө экинчи ирет беттештим. Буга чейин 2015-жылы жаштар арасындагы Азия чемпионаттыгында күрөшкөн. Андыктан, анын ыкмаларынан кабарым бар.

 - Айсулуу Тыныбекова экинчи жолу дүйнө чемпиону болду. Анын ийгиликтери сизге таасир берди десек болобу?

- Албетте. Ал биздин үлгүбүз. Биздин команданын лидери десек да болот.

- Буга чейин Олимпиадада коло медаль алдыңыз эле, эми алтын медаль. Чоң сыйлыктардан кийин жашооңузда кандай өзгөрүүлөр болду?

- Мурдагыдай эле. Буга чейин кандай жашасам ошондой жашап, ошондой эле машыгуудамын.

- Айсулуу экөөңөр эмгек менен бийиктикке чыгуунун үлгүсү болуп бердиңер. Жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз?

- Алдыга чоң максат коюп, ага жетүүгө умтулуу керек дейт элем. Эч нерседен коркпош керек. Мүмкүн болбогон нерсе жок.

 - Сиңдиңиз да жакында жаштар арасындагы беттеште коло медаль алды. Ал сиздин жолду жолдоп спортко аралашканбы?

- Биздин үй-бүлө өзү спорттук үй-бүлө. Атам жана атамдын иниси да спортто жүрөт. Ошондуктан, бул биз үчүн кадимки нерсе.

 - Айсулуу өзүнүн ийгилигиндеги тренердин ордун баса белгилеп айтып жүрөт. Сиз да айтып келесиз. Тренердин ролу канчалык?

- Тренерсиз чоң жыйынтыкка жетишүү мүмкүн эмес. Биздин машыктыруучубуз эң мыкты жана эң күчтүү.