Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 533

Бишкек, "Саясат. kg". Сыймыктануубузга себеп бар!

Медалдардын жалпы саны боюнча Кытай биринчи орунда келатат. Аларда ушул саатта 70 медаль. Бирок Кытайдан 406 спортчу катышканын эске салсак, 17,24% спортчу медалга жетишкен болот.

Экинчи орундагы АКШ 79 медалга ээ болду. Спортчуларынын саны 613. Алардын 12,89 пайызы медалдуу болду, демек. (Кытайда алтын медал көбүрөөк, ошондуктан АКШ 2-орунда).

Ал эми биздин 3 медаль 16 спортчудан турган командадан жаралды. Биздин баатырлардын 18,75 пайызы медаль алды. Демек, биздин команданын жараткан ийгилиги Кытайдын жана АКШнын командасынын натыйжасынан ашып түштү.

Эми ал медалдарды калкынын санына же экономикасынын көлөмүнө салыштырбай эле коёюн.

Сыймыктануубузга себеп бар!

Мирбек Маматкасым