Печать
Категория: Спорт
Просмотров: 203

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында 27-орунду ээледи.

Ал  100 метрлик аралыкка брасс ыкмасында сүзүү боюнча жарышка чыккан.

49 спортчу катышкан жарышта кыргызстандык Петрашов аралыкты 1 мүнөт 0,23 секундда сүзүп өтүп, 27чи болуп келген. Өзүнүн тайпасында үчүнчү орунга илинип, бирок жыйынтыктоочу көрсөткүчтө ал жарым финалга өтө алган эмес. Ал жакка мыкты жыйынтык көрсөткөн 16 суучул илинген.

Ошондой эле Петрашов 2021-жылдын 27-июлунда брасс 200 метр аралыкта катышат (19:50 Япония убактысы) (16:50 Бишкек убактысы).

 

Кабар