Ислам Токтобаевдин машыктыруучусу Азиз Мусаев шакирти жөнүндө төмөнкүлөрдү билдирди.
Ысык-Көл районунда өткөн спорттун кулатуу түрү боюнча мелдеште 25 килограмм салмактагы Ислам Токтобаев 34 килограмм салмактагы атаандашын утуп алган. Жеңүү даамын сезгенден кийин UFC жылдызы Конор Макгрегорду туурап баскандыгы видеого тартылып, социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан кызуу талкууга алынды. Кечээ, 18-июль күнү эң жеңил салмак категориясы боюнча UFCнин учурдагы чемпиону Валентина Шевченко 2 миллиондон ашуун катталуучусу бар «Instagram» баракчасына Ислам Токтобаевди жеңиши менен куттуктап, видеосун жарыялады. Бир күн ичинде кичинекей мушкер интернет жылдызына айланганга үлгүрдү.
Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Ислам Токтобаевдин дарегин таап, аны менен маек курду.
«Мен 2008-жылы 31-августта Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөлгөм.Үй-бүлөдө 3 бир тууганмын. Эжем жана карындашым бар. Учурда калаадгы №15 орто мектебинин 6-классынын окуучусумун. Мектепте математика сабагын кызыгуу менен окуйм. Ал күндөлүк турмушка керек. Спортто да атаандашымдын ар бир кыймылын, убакытты эсептөөгө туура келет. Бүгүнкү күнгө чейин ар кандай мелдештерге катышып, алдыңкы орундарды алууга жетиштим. Учурда 16 медалым бар. Спорт менен күнүнө 2 саат машыгам.
Ирландиялык спортчу Конор Макгрегордун турнирлерде мушташкан виделорун калтырбай көрөм. Мен да ал сыяктуу атактуу спортчу болгум келет. Анын мага мушташууда өзүн алып жүргөндүгү жагат», - деди ал.
Ислам Токтобаевдин машыктыруучусу Азиз Мусаев шакирти жөнүндө төмөнкүлөрдү билдирди.
«Мен Исламды 1 жыл мурун көргөм. Анда коронавирус пандемиясы болгондугуна байланыштуу баары жабык болчу. Өзүмдүн инимди Восход кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы аянтчада машыктырчу элем. Жергиликтүү балдар кызыгып, биз менен чогуу турникке асынып, ойноп жүрүштү. Алардын ичинен Исламды байкап калдым. Турниктен жыгылып кетсе да, кайра-кайра асынып, үйрөнүп жатканын көрдүм. Аны менен таанышып, аны да машыктыра баштадым. Караколдо спорттун кулатуу түрү боюнча атайын машыгуу залы жок. Ар кайсы башка спорттун түрүнө ылайыкташкан залдарда машыгабыз. Ошентип жүрүп Исламды 1 жыл машыктырдым. Алгач Бишкек шаарына мелдешке барганда 1-орунга ээ болду. Кийинчерээк Чолпон-Ата шаарында өткөн мелдеште байгелүү орундарга татыды. Абдан аракетчил жана мээнеткеч бала. Мындай балдардан келечекте сөзсүз түрдө бир нерсе чыгат», - деди ал.
Турмуш. kg