Печать
Категория: Коом
Просмотров: 169

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев бүгүн, 8-июлда маалымат жыйынын өткөрөөрүн аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, жыйын саат 15.00гө белгиленген. Өтө турган жери - УКМКнын башкы корпусу. 

Эске салсак, Камчыбек Ташиев ден соолугуна байланыштуу кыска мөөнөттүү эс алуудан кайтып келди. Ал чет өлкөдө жүргөн убакта "Сапат" билим берүү борборунун жетекчиси Орхан Инанды Кыргызстандан чыгарылып кеткен.