"2-3 жыл мурун эле уюшулган шаардагы парктар кургап, ал жерге тигилген бак- дарактар соолуп атат... Менимче, мындай жагдай улана берет, дүйнө жүзүндө суунун тартыштыгы тек гана башталып жатат...
Ошол үчүн, шаардын ар бир паркы, скверлери, кичине бак өскөн аянттары бүт тамчылатып сугарууга өтүш керек! Ансыз маселе эч качан чечилбейт! Жаңы парк, сквер салынаарда капельный орошение сөзсүз түрдө ошол болочок парктын техзаданиесине, сметасына киргизилиш керек... Ансыз мэрия парк, сквер салганды уруксат бербеш керек...", - деп жазды саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев.