Баткендин тургуну, чек ара жаңжалдарынын биринде тажиктер тарабынан үйү өрттөлгөн Эсен Мажитов Россияда абактан бошотулду. Бул тууралуу Ассоль Молдакматова баракчасына жазып чыкты. 

"Баткендик Адилдин атасы Эсен Мажитов Россияда абактан бошотулду. Россия аны Тажикстанга өткөрүп берген жок. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров убадасын аткарды! Рахмат! Путинге рахмат! Биздин аракетибиз акталды! КР ТИМи азамат! Баарына ыраазычылык билдирем", - деп жазды Молдакматова. 

Эске салсак, Эсен Мажитов үйү өрттөлгөндөн кийин ага Тажикстанда кылмыш иши козголгон. Кийин Мажитов эмгек мигранты катары Россияга барганда Тажикстанда козголгон кылмыш ишинин негизинде орус укук коргоо кызматтары камакка алышкан. Тажикстан аны Россиядан экстрадициялоо аракетин көргөн. Бирок кыргыз бийлиги буга жол берген жок.