Назира Айтбекованын  #жөн эле ойлору:

- Үйүңдө сүйүү жок болсо, сүйүүнү далилдеп жашайбыз. Сөзсүз чогуу сүрөткө түшүп, укмуш сүйүшүп атабыз деп, керели кечке сүйгөнүбүз кандай белек, кандай гүл берди, эмне кылды баарын айтып, мактанып, сыртка чыгарып.. бирок, токтой туруңузчу? Аны жар салуунун кимге эмне кереги бар? Сыртка чыгаруу менен элге канчалык сүйүктүү экенибизди далилдеп атабыз. А далилдөө муктаждыгы кайдан чыкты? Балким эл эмес сүйүктүү экениңизге өзүңүз ишенбей жаткандырсыз? Ойлонуп көргөн жок белеңиз? Сүйүктүү экенин билген киши далилдөөгө муктаждык көрбөйт. Өзүнүн эле билгени жетиштүү.

Кээде кандай бай экенибиз, канчалык кымбат кийинип, унаабыз укмуш, үйүбүз сонун экенин мактанабыз. Башкалар суктансын, ичи тарысын дейбиз. Аа эмнеге? Балким кичинекей кезибизде көбүрөөк басынып калгандырбыз? Жетпеген жашоонун азабын тарткандырбыз? Комплекс калып калганы үчүн мактаныч менен казылган жерлерди жапкыбыз келе жаткандыр...

Кээде “Мен укмуш сулуумун!” дегенди көргөзгүбүз келет. Сулуу адам аны тастыктаганга муктаж эмес. Ал жөн гана сулуу экенин билет.

Тыңшап турсаң, жан дүйнөнүн жаралары гана кыйкырат экен. Качандыр калган тактар, таарынычтар, өксүктөр, көңүл , сүйүү жетишпестиги..ж.б. Толук кандуу, чын эле бактылуу, бай, сүйүүгө толгон адам жөн эле жашоодон ырахат алып, өзү менен өзү, элге тартууласа, бакытты гана тартуулап, болбосо, өз дүйнөсүндө жанып жашайт тура...