- Негизинен саткындар эч убакта эл болбойт. Элине батпай, элине жан тартпай, анан башка элге келип коргологон адамды кучак жайып тосуп алып, жакшы, гумандуу болбой эле койсок кантет. Мектеп куруп кыргыздын балдарын окутту дейсиздер. Кандай окутту. Кандай адамдарды чыгарды ушул жагына көңүл буралы. Кыргызды кыргыз дебеген, өз ата тегинин кандай экенине маани бербеген, башка элдердин нарк-насилине суугарылган муунду тарбиялап берди. Биз көп суммадагы акчаны берип балдарыбыздын башка маданиятка калыптандырууга өзүбүз жол бердик.
Анан ал биздин граждандуулукту алуу менен өз өлкөсүнүн да атуулу бойдон калган.
Демек, Орхон Инан Кыргызстандын канчалык деңгээлде атуулу болсо, Түркиянын деле ошончолук жараны болгон.
Негизи мыйзамдарыбыздын чийкилиги чоң роль ойногондой. Түркиянын жашыруун кызматы бардык нюанстарды аныктап, тактап туруп ушул кадамга баргандай.
Ага карабай Садыр Жапаровго импичмент жарыялап, Камчыбек Ташиевди отставкага кетсин деген болбогон келжирек сөз. Анткени, бул маселенин тамыры тереңде. Азыр эле чыга калган жок. Эгер кимдир бирөө жооп бере турган болсо, кош граждандуулук кайсы президенттин убагында кирген болсо ошол жооп берет.