Печать
Категория: Коом
Просмотров: 147

-  Орханга жан тарткандын баары өзү же баласы-кызы "Сапаттан" билим алгандар жана алып жаткандар. Болбосо, бул киши тургай, чет өлкөдө кулчулукта жүргөн кыргыздар толуп атат. Эмнеге кыргызды кыргыздын тагдыры ойлондурбайт?
Буга чейин дагы кыргызстандык  башка улуттун өкүлү тууралуу ызы -чуу болгон, эсиңердеби? Кыргыз деген тамактын ырыстуусун өзү жебей, коногуна берген калк. Заңгыраган тамды салып коюп, ага конок келгенде кирип, өзү времянкада жашаган калк. Машинасын оңдоткону барса дагы кыргыз менен гана соодалашып, башка улуттун өкүлү айткан баасын берет. Кыргыз деген ашыкча чыгымды жакшы көрүп, бул жагынан атаандашып, бирөөгө мактанганды жакшы көргөн калк.  Кыргыз жамандык менен жакшылыкта дагы ырыс кесер калк. Үзүлүп атып кредитке той берет.  "Турецкая качество" деп, Кыргыз гана кымбат алат кийимди. Болбосо өзүбүздө тигилген кийимден сапаты жагынан айырмасы деле жок.

"Турецкая качество" деп, кымбат билим алгандар дагы кыргыздар. Болбосо мамлекеттик мектеп менен билим сапаты бирдей эле. Болгону сервис. Алар шарт түзүп койгону эле болбосо, мугалимдери ошол эле кыргыздар. Эгер ошол мугалимдер мамлекеттик окуу жайдан ошончо айлык алса, өзүбүз эле жеп салмакпыз. Эмнеге мынча айлык алышат деп. 

Айына 3000$ төлөп окутууга даярбыз. Мунун баары ишенип коюңуздар, жөн гана гонка, мактануу, атаандаштык! Ары жок десе жарашат бизге. Салыштыра келгенде жөнөкөй мектепке төлөгөн чыгым менен түрк лицейиники бирдей эле болуп калат экен деп сооронгондор да бар. Андай эмес, тууганым. Түрк лицейине кеткен чыгым Кыргызстанда калбайт. Түркияга кетип атат акчалар. Мамлекеттик мектепке төлөгөн акча мамлекетте калат. Орусия, Америка, Түркия ачкан окуу жайлар жаман эмес, бирок, идеология деген бирдиктүү билим берүү системасынан башталат да. Биз ошон үчүн чар жайыт болуп атпайбызбы. Бирибиз Американы, бирибиз Россияны, бирибиз Түрктү сүйүп. Келгиле Кыргызды, Кыргызстанды сүйүүгө салым кошолу.
Түрктөр уюштуруу жагынан бизден алда канча таланттуу келишет экен. Болбосо"Сапат", "Манасты" бүткөн окумуштуу же коомдук ишмер көргөн эч ким жок. Адатта бул жакта окугандар күн карама болуп калышат. Баары эмес бирок, жылына 500 окуучу бүтсө ошонун ону гана ийгилик жаратат экен. Жаратканда дагы чет өлкөгө кетет. Үй- бүлөсүн бакканга жарайт. Мамлекеттик кызматкер боло алышпайт. Билим берүү министрлиги коңгуроо какпаса кеч болуп баратат. Биз балдарыбызды өз колубуз менен көз көрүнөө жоготуп атабыз!!!