"Адам уурдалышы, мыйзамсыз жолдор менен алынып кетиши, бала-чакасынын сыздап атканы жакшы эмес. Бирок, ошол үчүн президентке импичмент, отставка талап кылынышы эгемендүүлүккө доо кетирет. Кайтарып алуу, ж.бу.с сөздөр болбогон кеп. Теманы жабыш керек. Эми кандай чара көрсөк да майнапсыз аяктайт. Кудайдан сабыр тилейм. Алар да, булар да мусулман. Мүчүлүштүктөр ким тарапта экенин билбегенден кийин ооз ачып кереги жок. Мени өкүндүргөнү батышчылдар аралашып өтө активдешип атканы. Таалим тарбиясын алгандар ушуларды аралаштырбаса болмок", - деп билдирди жарандык активист Бегжан Шыгаев.
- Категория: Коом
- Просмотров: 94