Печать
Категория: Коом
Просмотров: 114

“Коопсуз шаар” долбоору коопсуз болбой эле, болор-болбос жол эрежесин бузган айдоочулардын чөнтөгүн тоноо болуп калгандыгы коомчулук тарабынан нааразычылык пикирлерди жаратууда. Мисалы, “Вега” деген компаниянын көчүп жүрүүчү “үч бут” (“трёхножка”) камералары жол бойлорундагы ыңгайсыз жерлерге коюлуп, өздөрү тиешелүү уруксат, ижара акысы тууралуу келишим сыяктуу документтери жок иштеп жатышат. Элдин жол кыймылындагы мындай коррупция жана мыйзамсыздыктар тууралуу пикри парламентте да бир нече ирет талкууланууда. Жакында Жогорку Кеңеш жыйынында Министрлер кабинети тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев мыйзам долбоору жол кыймылынын айрым эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдун өлчөмүн азайтуу максатында иштелип чыкканын белгиледи. Ага ылайык, төмөндөгүдөй айып пулдарды төмөндөтүү сунушталууда:

- Белгиленген ылдамдыктан 10 км/сааттан ашык, бирок 20 км/сааттан ашпаган транспорт каражаттарынын айдоочулары;

- жол белгилеринде же жүрүү бөлүгүнүн белгилеринде көрсөтүлгөн, токтоочу сызыктын алдына токтоп турган жол кыймылынын эрежелерин сактабагандык, светофорго тыюу салган же жол кыймылынын көзөмөлдөөчүнүн жаӊсоосуна тыюу салган;

- жол белгилеринин талаптарын сактабаганда, жүрүүчү бөлүктү белгилөө боюнча талаптарды аткарбаганда;

- токтотуу же токтотуу эрежелерин бузуу;

- келе жаткан тилкеге чыкпай маневр жасоонун эрежелерин бузуу.

Ички иштер министрлигинин өкүлүнүн айтуусунда, эгерде айып пул салуу жөнүндө буйрук түшкөн күндөн тартып 15 күндүн ичинде төлөнсө, айып пулдун өлчөмү 70 пайызга кыскарат. Башкача айтканда, айып пулдун өлчөмү 1000 сомдун ордуна 300 сомду түзөт. Бюджеттен 450 млн сом түшүп калат, долбоорду тейлеген россиялык «Вега» компаниясы чыгым тартпайт.