Печать
Категория: Коом
Просмотров: 112

Жогорку Кеңештин депутаттары июль айынан тартып отпускага тарашты. Эми алардын иштегени менен эс алгандыгынын жөнөкөй элге айырмасы деле жок дечи. Керек болсо мындан мамлекетибиз өнүгүп деле кетпейт. Ансыз да бул чакырылыштын депутаттары мөөнөтүнөн ашыкча иштеп, демек, мыйзамсыз маяна алып, мамлекеттин кызматтык машиналарын пайдаланып, чет өлкөлөргө чыгып чардап жүрүшөт.

Бирок  депутаттардын ар бири отпускасы үчүн боюджеттен 200-300 миң сомдон алышкандыгы коомчулуктун нааразычылыгын жаратты. Бул тууралуу Парламенттин мурдагы депутаты Исхак Масалиев социалдык тармактар аркылуу пикирин билдирди.

Масалиев депутаттардын октябрь окуяларында жана Ак үй талкалангандан кийин шайлоо жөнүндө мыйзамды кабыл алуу үчүн бекер иштеп беребиз деген убадасын эске салды. Азыр «мыйзамдын аткарылышын ойлоп да коюшкан жок», эми каникулга тарап кетишти деп кошумчалады ал.

«Бир ай эл менен жолугат, бир ай эс алат. 200 000 сомдон, 300 000ден акча берилет, “Отпускной” дейт аны»,— деп жазды Масалиев.

Ал эми Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы “Кээ бир ЖМКлар так эмес булактарга таянып, Жогорку Кеңештин депутаттары 200-300 миң сомдон эмгек өргүүсү боюнча акча алышты деген мазмундагы маалыматты жарыялашты.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы эл өкүлдөрү кечээ гана өздөрүнүн жылдык сессиясын аякташкандыгын белгилейт. Жогорку Кеңештин бир да депутаты эмгек өргүүгө  чыга элек, демек, эмгек өргүүсү боюнча акча дагы бериле элек. ЖМКлардын өкүлдөрүнөн жарыялар алдында маалыматтын тууралыгын текшерип коюуну өтүнөр элек”,- деп жооп кайтарды.

Себеби аларга бир топ зарыл кабыл ала турган мыйзам долбоорлору келип түшүптүр. Эгер ушул маалымат чын болсо, анда жакшы экен.

Канткен учурда да эл кыйналып, бюджеттик кызматкерлердин 30%ы кыскарып турганда депутаттардын ар бири 200-300 миң сомдон алышкандыгы туура эмес болуп калат го. Эгер “айлык албай иштейбиз...”,- деп убада беришсе. Булар мугалим, врачтарга окшоп жалаң маянасын карап жашаган байкуштар эмес да, ар биринин күндө күмүш, айда алтын тууп турган бизнеси бар дегендей.