Азык-түлүктүн баардык түрлөрү, күйүүчү майлар, жем-чөп, жол кире, айтор адамдын ыйманы менен адамкерчилигинен башкасынын баары кымбаттап, ак төөнүн карды жарылган жай мезгилинде карапайым калктын үрөйү учуп турганда өкмөт аз да болсо ошол отко суу чачкандай иш жасады. Анткени Мамантимонополия агенттиги «Фрунзе», «Глобус» жана «Народный» ири соода түйүндөрүндө кумшекердин жана өсүмдүк майынын баалары арзандаганын сүйүнчүлөдү.
Аталган супермаркеттерде кумшекердин баасы киллограмына 62-63 сомдон 55 сомго чейин төмөндөгөн. Өсүмдүк майынын арзандашы анын түрүнө жараша бир литри үчүн 15 сомдон 20 сомго чейин түзөт.
Ведомстводон белгилешкендей, 24-июнда министрлер кабинети токтом кабыл алган, ага ылайык, Кыргызстандын аймагына киргизилип жана сатылып жаткан кумшекер менен өсүмдүк майына КНСтин нөлдүк коюуму колдонулат. Документ 1-июлдан тартып 31-августка чейин күчкө ээ.
Бирок базарларда баалар баягыдай эле кымбат бойдон кала берүүдө. Ошондуктан жакын арада базарларда, башка соода түйүндөрү менен дүкөндөрдө да текшерүү жүргүзүлүп, кызыл кулактардын тизгинин тартуу аракети көрүлмөкчү.
Ооба, Өкмөттүн, тиешелүү текшерүүчү уюмдардын азык-түлүктүн бааларын көзөмөлдөп, арзандатып тургандыгы жакшы көрүнүш. Эми “эрдик кылсаң, сүрөө кыл”,- демекчи, монополияга каршы агенттик курулуш базарларындагы темир, цемент жана башка материалдарды да текшерип коюшса, үй салып жаткан бечараларга да сооп иш жасалган болмок. Тилекке каршы “казанда болбосо, чөмүчкө чыкпайт”,- демекчи, агрардык өлкө аталган менен өзүбүз башканы кой, өсүмдүк майын чыгарбасак, өндүргөн кантыбыз ички керектөөгө жетпесе, жада калса дыйкандарыбыз сабиз, помидор экпей, аны Түркмөнстандан сурап жеп отурсак, кайдан баалар арзандап, экономикабыз өнүкмөк эле.